«Эгер адам борбор калаада иштебесе, бул жерде өзү да, туугандары да жашабаса, дарыланууга келбесе, анда, жада калса эгер жанында коронавирус менен оорубайт деген эки маалымкат болсо да, ал шаарга киргизилбейт».


Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 24.kg басылмасына курган маегинде ушундай пикирин айткан.

Аткаминер журналисттерге мындай деген:

  • Адамды коронавирус жоктугу тууралуу маалымат менен да киргизишпейт — эгер анын Бишкекке келүүсүнүн себептери анчейин маанилүү эмес деп эсептелсе;
  • Ошол эле кезде анын ишмердиги уруксат берилген категорияга кирсе же ал ооруканага бараткан болсо ага коронавирустун жоктугу тууралуу маалымкат таптакыр керектелбейт;
  • Бишкекке кирүү үчүн чектөө ӨА режими күчүндө болуп турганда алынбайт.

Бишкекке кирүү үчүн ден соолук жөнүндө маалымдаманын кереги эмне жана эмне себептен ушундай эле нерсе үчүн өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым өкүлүнө эскертүү берилген?

Ошол эле Нурболот Үсөнбаев өткөн күндөрү «Клоопко» курган маегинде Бишкекке кирүү үчүн маалымкаттар жуктуруу коркунучу жогору болуп аткандыктан керектигин айткан.

«Эгер адам кароодон өтпөгөн болсо — аны блокпост аркылуу өткөрүү чоң коркунуч. Маалымкаттары бар адамдардын категориялары бар, ал эми кээ бирлери, тагыраагы, жөнөкөй жарандар, [Бишкекке] жөн гана гүлбакта сейилдөө үчүн келе беришет да», — деген ал.

Буга чейин бир күн мурда, 5-майда, ал маалымкат талап кылуу үчүн Ысык-Көл облусун сынга алган. Ал эми Бишкке караганда Ысык-Көлдө COVID-19 жуктургандардын бардыгы айыгып чыккан.

Үсөнбаев маалымдама талап кылуу «Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине туура келбейт» деп айтса, вице-премьер-министр «блокпосттордо жарандардан COVID-19 жоктугу тууралуу маалымкат талап кылуу — ашыкча» деп билдирген, ал эми өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлүнө эскертүү берип, «COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эмес» деп билдирген.