Жарандардан COVID-19 жоктугу тууралуу маалым кат талап кылуу ашыкча — Боронов

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн облуска кирүүгө тыюу салуу тууралуу чечимдерин өзгөртүү керектигин билдирди.

«Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн облуска кирүүгө тыюу салуу жана адам коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалым катты талап кылуу боюнча өз алдынча кабыл алган чечимдерин өзгөртүү керек», — деп билдирди Кубатбек Боронов.

Бороновдун айтымында, санитардык карантиндик посттордо бардык кирген жана чыккан унаалар менен жарандарды текшерүү улантылышы шарт. «Жаранда COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалым катты талап кылуу иш-аракеттердин тиешелүү алгоритминде каралбаган шарттан тышкары ашыкча болуп саналат», — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев да 5-майда өткөн брифингде билдирген. Анын айтымында, киргизилген чектөөлөр кайра каралууга тийиш, анткени алар ведомствонун алгоритмине ылайык келбейт.

«Ысык-Көл облусунда киргзилген чектөөлөрдү кайра карап чыгуу керек. Ысык-Көл облусунун штабы бул масени карайт», — деди ал.

Ысык-Көл облусунун ыкчам штабы 4-майдан тарта облуска кирүүдө жарандар коронавирус тестинен өткөнү тууралуу маалым катка ээ болушу керек жана алар 14 күн обсервацияга алынышы керек деген чечим кабыл алган.

Ушундай эле алгоритм Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова тарабынан да айтылган. Анын айтымында, эгер 10-майдан кийин ӨА режими узартылбай турган болсо, анда шаардын кире бериш жерлериндеги посттордо коронавируска карата тест өтүлгөндүгү тууралуу маалым кат талап кылына баштайт.

Азырынча өлкөдө бир да лаборатория жеке жактар үчүн тестирлөө жүргүзбөйт. Бонецкий лабораториясы тесттерди медицина жана милиция кызматкерлери үчүн гана акысыз өткөрөт.

5-майга карата республикада коронавирус жуктуруунун 843 учуру катталды. Ошол эле маалда 11 адам каза тапкан, ал эми 600 адам айыгып ооруканадан чыгарылган.