Өкмөт COVID-19 жоктугу боюнча маалым катка байланыштуу Ысык-Көлдөгү ыйгарым өкүлүнө эскертүү берди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевге чечимди макулдашпастан кабыл алганы үчүн эскертүү берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Басма сөз кызматтан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун штабынын жарандар облуска кирүүдө COVID-19дун жоктугу тууралуу маалым кат көрсөтүш керек деген чечими Республикалык ыкчам штабдын сунуштамаларына жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген иш-аракеттердин алгоритмине дал келбейт.

«Тийиштүү алгоритмде каралган учурларды эске албаганда, жарандардан облуска, шаарга, районго жана башка калктуу конуштарга киргенде COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 6-майда өткөн Республикалык штабдын жыйынында жарандардан COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалым катты талап кылуу — ашыкча деп билдирген.

«Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн облуска кирүүгө тыюу салуу жана адам коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалым катты талап кылуу боюнча өз алдынча кабыл алган чечимдерин өзгөртүү керек», — деп билдирген Кубатбек Боронов.

Ысык-Көл облусунун ыкчам штабы 4-майдан тарта облуска кирүүдө жарандар коронавирус тестинен өткөнү тууралуу маалым катка ээ болушу керек жана алар 14 күн обсервацияга алынышы керек деген чечим кабыл алган.

Ушундай эле алгоритм Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова тарабынан да айтылган. Анын айтымында, эгер 10-майдан кийин ӨА режими узартылбай турган болсо, анда шаардын кире бериш жерлериндеги посттордо коронавируска карата тест өтүлгөндүгү тууралуу маалым кат талап кылына баштайт.

Азырынча өлкөдө бир да лаборатория жеке жактар үчүн тестирлөө жүргүзбөйт. Бонецкий лабораториясы тесттерди медицина жана милиция кызматкерлери үчүн гана акысыз өткөрөт.

6-майга карата республикада коронавирус жуктуруунун 871 учуру катталды. Ошол эле маалда 12 адам каза тапкан, ал эми 614 адам айыгып ооруканадан чыгарылган.