Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 15-майдагы брифингде коронавирустан дагы эки бейтап каза тапканын билдирди. Анын бири Нарын шаарында дарыланып жаткан — 84 жаштагы аял. Экинчиси Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында дарыланып жаткан — 55 жаштагы эркек.

Үсөнбаевдин айтымында, 84 жаштагы аял апрель айынан бери башка оорудан дарыланып келген. 14-майда эски оорусу козголуп ооруканага кайрылганда, жандандыруу бөлүмүнө которулган.

«Бейтап ошол жерден каза болгон. Андан анан анализ алганда коронавирус тастыкталды», — деди министрдин орун басары.

Ал эми 55 жаштагы жаран да 28-апрелде ооруканага жаткырылган. Оор абалда болгон үчүн оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Үсөнбаев аталган бейтап да өнөкөт оорулары бар болгонун белгиледи.

Май айынын башында коронавируска чалдыккан эки бейтап каза тапкан. Алардын бири №3 ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 58 жаштагы жетекчиси болгон, экинчиси 69 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну. Экөө тең аял киши.

Кыргызстанда 15-майга карата коронавирустун жалпы 1111 учуру катталды. COVID-19 жуктурган жалпы 14 адам көз жумуп, 745 бейтап айыкты.

15-майга карата ооруканаларда 353 адам жатат — алардын үчөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.