Жогорку жана орто окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү дипломдук ишин онлайн коргошот

Иллюстративдик сүрөт

Коронавирус пандемиясына байланыштуу жогорку жана орто окуу жайлардагы мамлекеттик сынактар аралыктан тапшырылат жана бүтүрүүчүлөр дипломдук ишин онлайн коргошот. Мындай буйрукту билим берүү министрлиги 19-майда чыгарды.

Ал эми маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери боюнча, ошондой эле Ички иштер министрлигинин академиясынын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик аттестациядан өтүү үчүн окуу жайга келишет. Мамлекеттик сынактын жадыбалы түзүлүп, окуу жайдын имараты алдын ала залалсыздандырылат.

Ошондой эле 2-курстар үчүн Кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстан географиясы, Кыргызстан тарыхы боюнча мамлекеттик сынактар үстүбүздөгү жылдын күз мезгилинде уюштурулат.

Буга чейин пандемияга байланыштуу мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик сынактар өткөрүлбөй тургандыгы маалымдалган. Сынактын баалырын атайын түзүлгөн комиссия окуучулардын жыл ичинде алган бааларынын негизинде коюп беришет.

Өлкөдөгү ЖОЖдор, кесиптик окуу жайлар менен мектептер коронавируска байланыштуу 18-марттан баштап дистанттык окууга өтүштү.