Пандемияга байланыштуу бүтүрүүчү класстар мамлекеттик сынак тапшырбайт

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2019-2020-окуу жылындагы 9 жана 11-класттын окуучуларына мамлекеттик сынактар өткөрүлбөйт. Анын ордуна атайын түзүлгөн комиссия окуучулардын жыл ичинде алган бааларына жараша экзамендик бааны коюп берет.

«9 жана 11-класстын класс жетекчилери комиссияга окуучулардын чейректерде, текшерүү иштеринде, жат жазууда алган бааларын берет. Комиссия мүчөлөрү карап чыгып, орток бааны чыгарып анан экзамен баасын коюп берет. Эгер окуучу коюлган баага нааразы болсо анда аппеляциялык талаш-тартыш комиссиясына кайрылса болот», — деди Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов.

Орозматов окуучулар менен мугалимдердин саламаттыгы биринчи орунда экендигин белгиледи.

Ошондой эле ал комиссия мүчөлөрүндө окуучулардын орток баасын чыгарууда талаштуу маселе жаралса, анда окуучунун пайдасына чечилерин кошумчалады. Мисалы окуучунун баасы «4,5» болуп жаткан болсо, анда сынактын баасы «5» деп коюлат.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин өтөт. 2020-жылы 11-классты 59 миңдей окуучу аяктайт. Анын 1253ү артыкчылык аттестатына талапкер. Ал эми 9-класста учурда 104 миңге жакын окуучу билим алууда. Кыргызстанда жалпы 2283 мектеп бар жана анда окуган балдардын саны 1 млндон ашат.