Жыштыктарды сатуу иши боюнча УКМК менен МБАнын кызматкерлери кармалды

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова Аскер прокуратурасы менен УКМКнын тергөө тобу тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинин эки жана УКМКнын эки кызматкери кармалганын билдирди.

Алар 12-майда УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген МБАнын экс-директору Наталья Черногубованын иши боюнча тергөө жүргүзүүнүн алкагында кармалган. Ал радио жыштыктарын сатууда уюк байланыш оператору жана Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алган деп айыпталууда. Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш 2020-жылдын 7-апрелинде «Коррупция» фактысы боюнча башталган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, бул иш боюнча беш киши кармалды: МБАдан эки адам, УКМКдан эки адам жана «Ала ТВ» компаниясынын директорунун орун басары. УКМКнын эки кызматкеринин иш материалдары Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Черногубова уюк байланыш оператору жана Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, андан кийин уюк байланыш операторлорунун биринин лицензиясын байланыш стандарттары өзгөргөнүнө байланыштуу кайра каттаган.

Мамлекеттик байланыш агенттиги радио жыштыктарды колдонууга, электр жана почта, маалымат берүү, анын ичинде телерадио тармагында иш жүргүзүүгө лицензияларды берүү ишин алып барат. Жыштыкты колдонууга лицензия аукцион аркылуу берилет.

Бул жерде өкмөт башчысынын кандай тиешеси бар?

Депутат Жанар Акаев 20-май күнү парламенттин жыйынында өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевден Мамлекеттик байланыш агентигинде радио жыштыктыктарын пайдаланууга лицензиялардын мыйзамсыз сатылышына тиешеси жоктугун далилдөөнү талап кылган. Ал жыштыктар Абылгазиевдин убагында «арзыбаган баага» сатылган деп эсептейт.

Өкмөт тергөөнүн жүрүшү боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, укук коргоо органдарында бардык тийиштүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр экенин билдирген.

Абылгазиев өзү депутат Жанар Акаев бул ишке байаныштуу «жалган маалымат» таратып жатат деп билдирген.

«Кечээ бул тууралуу Жанар Акаевдин билдирүүсүн көрдүм. [...] Депутат Жанар Акаев такталбаган маалыматтарды айтты. Муну саясатташтырган туура эмес. Менин аброюма дагы шек келтирген сөздөрдү айтты. Бул эми анын өзүнүн абийиринде», — деп билдирген Абылгазиев.

Ошондой эле Абылгазиев «бул иште күнөөсү жоктугун» билдирген.

Жыштыктарды сатуу

Акаев премьер-министр Темир Сариевдин тушунда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылган, ал эми учурдагы өкмөт башчысынын учурунда 200 МГц 700 сомго сатылууда деп айткан.

Абылгазиев бул айыптоолорго бардык маморгандарды радио жыштыктарды сатуу боюнча түшүндүрмө берүүсүн суранганы менен жооп берди. Ал эгер компаниялар жыштыктарды колдонушпаса аларды мамлекетке кайтарып, андан кийин аларды аукцион аркылуу сатуу керек деп эсептейт. Анын айтымында, президенттин тапшырмасы менен мамкызматкерлердин мыйзамсыз келишимдерге катышуусу боюнча маселе текшерилүүдө.

«Мурда сатылган учурлар болгон. Радио жыштык мамлекеттин байлыгы. 1000 сомго сатылган учурлар болгон. Ээлик эмес, убактылуу пайдаланууга алышкан. Убактылуу алгандар 2-компанияга сатып жатат. Бул туура эмес, мыйзам түрүндө чек коюш керек. [...] Кийин көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жаткан. «Ала-ТВ» 1998-жылы телеберүү үчүн жыштык алган. Колдонуп жүрүп, «Beeline» компаниясына сатып жатат», — деди өкмөт башчысы.

Өкмөт башчысы өз сөзүндө КТ «Мобайл» компаниясын да айтып өттү. Өз убагында ал бул компаниянын айынан кызматынан ажырап кала жаздаган.

«“КТ мобайл” баасы 2 млрд сом турат. Ал жерде татыктуу адистер иштеп жатат. Бир жылда чоң мамлекеттик компанияны бутуна тургузган жоксуңар деп күнөө койгон да туура эмес. Келечегин убакыт көрсөтөт», - деди Абылгазиев.

КТ «Мобайлга» байланыштуу чуу

Абылгазиев 2019-жылы «КТ Мобайл» мамкомпаниясынын чуусуна аралашып калган. Ал компаниянын директорунун орун басары Эрназар Рысалиевдин айынан өкмөт башчылык кызматынан айрылып кала жаздаган.

Соцтармактарда фирманын жетекчилиги айына 350 миң сом айлык акы алат деп айтылган документ жарык көргөн.

Чуудан кийин Рысалиев кызматынан кетип, төрт айга деп алган айлыгын кайтарып берген — дээрлик 800 миң сом.

Абылгазиев өзү башында тууганы Эрназар Рысалиев «КТ Мобайл» мамкомпаниясында иштеп жатканын билбегенин айткан. Ошондой эле ал тууганын фирманын директорунун орун басарлыгына дайындабаганын жана «КТ Мобайлда» айлык акысын аныктабаганын кошумчалаган.

Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн депутаттык комиссия Абылгазиев «тууганы маморгандардын ишине кийлигишкени үчүн моралдык жоопкерчиликке» тартылышы керек деген чечим чыгарган, бирок бул эмнени түшүндүрөөрүн чечмелеп берген эмес.

ТЕМА БОЮНЧА: