Момбеков жыштыктарды сатуу ишине президенттин иш башкармалыгынын жетекчи орун басарын айыптады

Рыскелди Момбеков

Депутат Рыскелди Момбеков 21-майда парламенттин жыйынында башкы прокуратураны эки жыл мурдагы радио жыштыктарын сатуу боюнча иликтөөнү создуктурууга айыптады. Ал башкы прокурорго кызматтык колдонуу үчүн депутаттын колундагы материал менен таанышып чыгууну сунуштады.

«Сизде толук маалымат жок экен. Бир жигитиңизди жибериңизчи. Мен сизге ДСП материалдардын бардыгын берейин. Жанагы “Семи Мобайл” менен КТ “Мобайлдын” директору бир эле киши — Мамбетакунов Нурбек деген [Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетексичинин биринчи орун басары]. Мына улуш баланын айынан мамлекетке 1,5 млрд сом түшпөй калды. Мына коррупция, мына факт, мына акт! Факты бергиле, факты бергиле, факты жатат», — деп билдирди эл өкүлү.

Нурбек Мамбетакунов жана Акылбек Жамангулов

Башкы прокурор Өтүрбек Жамшитов жыштыктырда сатуу боюнча кылмыш иштердин баары кайрадан ачылып, иликтелип жатат деп билдирди.

«Ушунча миллион мамлекетке зыян келди деп айтып коюш оңой. Анын баарын тактап чыгалы, ошол үчүн тергөө болуп жатат. Эгер сиздики далилденсе, ошонун баарын жоопко тарталы анда», — деди башкы прокурор.

Радио жыштыктарды сатуу

Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция иши жакында иликтенип башталганына байланыштуу Аскер прокуратурасы жыштыктарды кайра жол-жоболоштуруу боюнча ишти кайра кароого алып чыкты.

21-майда бул иш боюнча Ала ТВ компаниясынын директорунун орун басары кармалды, бул тууралуу 24.kg жазган.

Наталья Черногубова

Жалпысынан коррупциялык көмүскө бүтүм иши боюнча беш адам, анын ичинде Байланыш мамагенттигинин экс-башчысы Наталья Черногубова кармалган. Ал 12-майда УКМКнын ТИЗОсуна камалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал байланыш операторлору жана Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетиндеги адамдар менен көмүскө бүтүмгө барып, андан кийин байланыш стандарттары өзгөргөнүнө байланыштуу операторлордун биринин лицензиясын кайрадан жол-жоболоштурган.

Мамлекеттик байланыш агенттиги радио жыштыктарды колдонууга, электр жана почта, маалымат берүү, анын ичинде телерадио тармагында иш жүргүзүүгө лицензияларды берүү ишин алып барат. Жыштыкты колдонууга лицензия аукцион аркылуу берилет.

Премьер-министр жана КТ «Мобайл»

Мухаммедкалый Абылгазиев

Депутат Жанар Акаев 20-май күнү парламенттин жыйынында өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевден Мамлекеттик байланыш агентигинде радио жыштыктыктарын пайдаланууга лицензиялардын мыйзамсыз сатылышына тиешеси жоктугун далилдөөнү талап кылган. Ал жыштыктар Абылгазиевдин убагында «арзыбаган баага» сатылган деп эсептейт.

«Биз баарынан мыйзам жогору турган өлкөдө жашайбыз. Мени депутаттын ырасталбаган факттарга таянып атканы таң калтырды. Бул анын абийиринде», — деди премьер жоп кайтарып. Ал мурдагы жылы эле радио жыштыктардын абалын текшерүү тапшырмасын бергенин кабарлаган.

Өкмөт тергөөнүн жүрүшү боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, укук коргоо органдарында бардык тийиштүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр экенин билдирген.

Аскер прокурору Нуркамал Набиеванын айтымында, учурда жыштыктарды сатуу иши боюнча өкмөттө чоң кызматта иштегендер суралып жатат.

Абылгазиев 2019-жылы майда «Кыргызтелеком» улуттук байланыш операторунунун туундуу компаниясы «КТ Мобайл» ишканасынын айланасындагы чуунун айынан кызматынан ажырап кала жаздаган.