Жээнбеков эл аралык өнөктөштөрдөн Кыргызстандын тышкы карызын кайра карап чыгууну суранды

Президент 28-майда Коронавирус мезгилинде каржылоо боюнча эл аралык форумда сүйлөп чыгып, тышкы карызды, анын ичинде көп тараптуу кредиторлордун алдындагы карызды «терең» реструктуризациялоо өткөрүү керек деген сунушун айтты.

Андан кийин ал саламаттыкты сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгууну сунуштады.

«Булар үстүбүздөгү жылдын апрель айында Антониу Гутерриш тарабынан айтылган 6 чарага шайкеш келет. Биздин сунуштарыбыз колдоо тапса, БУУнун алкагында тиешелүү Жол картасын иштеп чыгып, кабыл алууну сунуштайм», — деди Жээнбеков.

Ошондой эле өлкө башчысы экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды да иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

«Кыргызстан тоолуу өлкө катары деңизге чыга албагандыктан, тышкы соода операцияларынын азайышына да туш болду. Үстүбүздөгү жылдын соңунда экономикалык өсүштүн жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн олутуу төмөндөшү күтүлүүдө. Бюджеттик каражаттардын жетишсиздиги калктын социалдык абалынын начарлашына алып келиши ыктымал», — деди президент.

Реструктуризация жана мамкарызды алмашуу деген эмне?

Апрелде «Чоң жыйырмалыктын» өлкөлөрү менен Кредиторлордун париждик клубу май айынан тарта 2020-жылдын аягына чейин жакыр өлкөлөрдөн карыздарды өндүрүүнү убактылуу токтото туруу жөнүндө макулдашышкан.

Мамкарызды реструктуризациялоо — бул өлкөнүн кредитор мамлекеттердин алдындагы карызынын шарттарын кайра карап чыгуу, мисалы, кредиттин пайызын, суммаын же кайтаруу мөөнөтүн.

Мамкарызды ички долбоорлорго алмашуу — бул кредитордун өзүнө карыз өлкөсүнүн карызын жарым-жартылай жокко чыгарган механизми. Механизм карыздар өлкө кечилген сумманы бүткүл регионго пайда алып келген долбоорлорго жумшоого милдеттенме алган шартта гана ишке ашырылат. Мисалы, айлана-чөйрөнү коргоо же өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү.

Бул чаралардын бардыгы жакыр өлкөлөрдүн мамкарыздардан кутулуусун жеңилдетүү үчүн Париждик клуб тарабынан каралган.

Карыз-өлкө пайдалана ала турган мамлекеттин карызын айлана-чөйрөнү коргоого алмашуу реструктуризация жана кечүүдөн кийин анча-мынча натыйжалуу чара болуп эсептелинет. Ошондой эле ал инфляциянын өсүшү жана бюджеттик кырдаалдын начардашы менен өлкөнүн кредиттик рейтингинин төмөндөө тобокелдиги менен байланыштуу.

Кыргызстандын карыздары жана кредиттери

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы март айынын аягына карата 4,6 млрд долларды түздү.

Ошол эле учурда, 28-майда Республикалык штаб коронавируска каршы күрөшүү үчүн эл аралык каржы институттарынан 462 млн доллардан ашуун жардам алуу тууралуу маалыматтарды жарыялаган. Бул каражаттардын көбү — 352,5 млн доллар — насыя катары алынат.

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстандын бюджетине каражаттардын түшпөй калуусу башталып, ошол себептен парламент майдын ортосунда 28 млрд сом рекорддук таңсыктыгы бар түзөтүлгөн бюджетти биринчи окууда кабыл алган. Алгач, 2020-жылга карата бюджет 10 млрд сом таңсыктык менен гана жактырылган эле.