COVID-19 боюнча Республикалык штаб коронавируска каршы күрөшкө эл аралык каржы институттарынан финансылык жардам тартуу тууралуу маалыматты жарыялады.
Жалпысынан кыргыз бийлиги 462,3 млн $ алат. Кыргызстан каражаттардын жарымынан көбүн кредиттик негизде алат — 352,5 млн $, грант катары эл аралык уюмдар 79,4 млн $ которушат.
Дагы 30,3 млн $ кайда которулаарын республикалык штаб айткан жок.
Таблицада биз штабдын маалыматына таянып, каржы булактарын, каржы жардамынын өлчөмүн, өкмөт бул каражаттарды кандай максаттарга жумшаганы жатканын көрсөтүп берүүгө аракет кылдык.
Булагы | Сумма жана негиз | Багыттар |
---|---|---|
Эл аралык валюта фонду | Кредит — 241,9 млн $ | Бюджетти толтуруу. |
Азия өнүктүрүү банкы | Грант — 25 млн $ Кредит — 75 млн $ | Бюджетти толтуруу. |
Грант — 10 млн $ Кредит — 10 млн $ Жалпысы: 120 млн $ | COVID-19га каршы күрөшүү үчүн керектүү дары-дармек каражаттарын жана медициналык жабдууларды сатып алуу боюнча инвестициялык долбоор. | |
Дүйнөлүк банк | Грант — 10,6 млн $ Кредит — 10,6 млн $ | Саламаттык сактоо сектору үчүн жабыдууларды жана каражаттарды алууга багытталган инфестициялык долбоорлор: «COVID-19 боюнча ыкчам долбоор» жана «Кыргызстандагы табигий кырсыктарга туруштук берүүнү жакшыртуу» долбоорлору |
Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанда учурда иштеп аткан долбоорлордон үнөмдөлгөн каражаттардан | Кредит — $15 млн | Медициналык препараттарды сатып алуу. |
Европа биримдиги | Грант — 15,3 млн € | Билим берүү программасын ишке ашыруу. |
Грант — 6 млн € | Санариптештирүү. | |
Грант — 9,5 млн € Жалпы: 33,9 млн $ | Социалдык коргоо. | |
Германия өнүктүрүү банкынын утурлама фонддору | Кандай негизде экени жазылган эмес 30,3 млн $ | Азык-түлүк коопсуздугун мындан ары камсыз кылуу максатында фермерлерди колдоо. |
Жалпы: 462,3 млн $ |