COVID-19 дагы 60 адамда аныкталды — жалпы 1722 учур

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык штабдан 30-майга карата коронавирустун жаңы 60 учуру катталганын маалымдашты — алардын 14ү медкызматкер.

COVID-19дун эң көп жаңы учуру Нарын облусунда катталды — 32 учур, алардын арасында 12 медкызматкер бар. Бишкек шаарында коронавируска 25 адам чалдыкты — алардын экөөсү Санкт-Петербургдан келген курсанттар жана экөөсү медкызматкер. Чүй облусунда үч учур, экөө Орусиядан келген мекендештер.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1722ге жетти — анын 344ү медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1113 адам айыгып, он алты бейтап каза болду. Илдеттен көз жумгандардын арасында бир медкызматкер жана парламенттин экс-спикери Мукар Чолпонбаев да бар.

Коронавирустун эң көп катталганы боюнча биринчи орунда Бишкек шаары турат, борбор калаада 406 адам вирус шарттаган илдетке чалдыкты. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 314 учур. Ош облусунда — 217, Жалал-Абад облусунда — 162, Ош шаарында — 179, Чүй облусунда — 123, Баткен облусунда — 29 жана Ысык-Көл облусунда 14 адам илдетке чалдыкты.

Ошондой эле коронавирус Санкт-Петербургдан келген 78 курсантта, Соль-Илецктен келген 119 мекендешибизде жана Орусиянын башка шаарларынан келген 21 кыргызстандыкта аныкталган. Алар Бишкек жана Чүй облусундагы ооруканаларга жайгаштырылган.

Учурда ооруканаларда 593 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде беш бейтап жандандыруу бөлүмүндө. Кыргызстан боюнча обсервацияга 2137 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 7287ни түздү. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 2 137.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.