Коронавирус жуктуруп алган экс-спикер Мукар Чолпонбаев каза болду

Мукар Чолпонбаев

Республикалык штабдан 24-майда парламенттин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев каза болгонун билдиришти. Экс-спикер 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал коронавирус жуктуруп алып Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жаткан болчу.

«Коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Ал ошондой эле жүрөк, бөйрөк жана кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу», — деп маалымдалат республикалык штабдын билдирүүсүндө.

Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылган. Он күндөн кийин Жогорку Кеңештин экс-төрагасынын абалы оорлошуп оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулган эле.

Парламенттин мурдагы төрагасы коронавирус жуктуруп кайтыш болду деп катталган 15-кыргызстандык болду. Кыргызстанда 24-майга карата коронавирустун 1403 учуру катталды. Анын ичинен 980 бейтап айыгып чыкты.

Чолпонбаев Жогорку Кеңештин спикери катары 1995-1997-жылдары эмгектенген. Акыркы жолу ал эл алдына март айында чыккан. Анда саясий ишмер оппозициячыл саясатчы, экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо митиггине катышып, сөз сүйлөгөн.