Бийлик COVID-19дан каза тапкан врачтын үй-бүлөсүнө млн сомдук кунду төлөп берди

Өкмөт 2-майда каза тапкан медкызматкер Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө миллион сом компенсация төлөп берди. Апрелдин аягында дарыгерлер маркумда коронавирус инфекциясын аныкташып, дарылоо үчүн Республикалык инфекциялык ооруканага которушкан.

Врачтар дарылоо учурунда ага эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсидиги, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана баш мээсинин шишиги сыяктуу диагнозун коюшкан. Көкүмбаева кошумча гипертония жана атеросклеротикалык кардиосклероз оорулары менен да жабыркап жүргөнү маалымдалган.

Көкүмбаева Бишкектеги №3 ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси болгон. Аталган мекемеде ал жана дагы сегиз кызматкер коронавируска жуктуруп алган.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, өкмөт компенсациялык төлөмдү ведомствонун жана милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун депозиттик эсептерине которулду.

Коронавирус жуктурган врачтарга жана кокус алар каза тапса маркумдардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүү тууралуу бийлик 6-майда гана бир чечимге келди. Анда өкмөт коронавируска каршы күрөшкө тартылган медиктерди колдоо катары 50 млн сом бөлүнөөрүн билдирген.

Коронавирус жуктуруп алган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза тапкандардын үй-бүлөсүнө миллион сом компенсация төлөнүп берилиши керек.

Эгер врачтын өлүмүнө компенсация берип, калганын жуктуруп алуу үчүн компенсация катары эсептесе, бөлүнүп берилген 50 млн сом 246 компенсацияга жетет.

14-майга карата Кыргызстанда медиктердин арасында коронавирус жуктуруунун 248 учуру катталды. Эпидемия башталгандан бери өлкөдө медиктер бир нече жолу жеке коргонуу каражаттары жетишсиз болуп атканын айтып даттанышкан.

Бирок бийлик медиктерде коргоо костюмдары жана беткаптар жетиштүү экенин, алар, балким, COVID-19 жуктургандар менен иштөөдө эрежелерди так сакташкан эмес болушу керек деп айткан.

Башкы сүрөт: Кабар.