Туристтик жана эс алуу жайлары иштейт. Өкмөт июнь айынан тарта ишин жанданта турчу тармактарды атады

Ош шаарындагы базар. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу/Клооп

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, өкмөт 1-июндан тартып кээ бир ишмердүүлүктүн түрлөрүн жандандырат. Алардын ичинде:

  • Керектөөчү товарларды, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;
  • Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;
  • Аудит жана консалтингдик компаниялар;
  • Жарнама агенттиктери;
  • Туристтик жана эс алуу жайлары (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар), жеке унаалар менен саякаттоо сунушталат.

Ошондой эле, 5-июндан тарта бала бакча мекемелерине ишини улантууга уруксат берилет. Ал эми 8-июндан баштап өлкө ичиндеги рейстер жандандырылат.

«Көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен жаңылоо керек, эпидемиологиялык шартка жараша уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн», — деп айтылат Республикалык штабдын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, Республикалык штаб айрым багыттар боюнча чектөөлөрдү ала элек. Алар:

  • маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларды өткөрүү;
  • көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян);
  • интернет-клубдар, компьютердик оюн жайлары;
  • кинотеатрлар;
  • соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу жайлары;
  • балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү, анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкандары дагы;
  • билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү) гигиена нормаларын жана келгендердин ортосундагы аралыкты сактоо учурунда гана);
  • автобус, микроавтобус аркылуу шаарлар аралык жана аймак аралык жүргүнчүлөрдү ташуу.

Буга чейин, 25-майда, Ош жана Бишкек шаарларында коомдук транспорт кайрадан ишке кирген. Бийлик өкүлдөрү автобус жана троллейбустун айдоочуларына санитардык эрежелерди сактап, 30-35 жүргүнчүдөн көп ташыбаганы сунуштаган. Бирок буга карабастан коомдук транспортто эрежелер толугу менен сакталбай келгенин көрүүгө болот.