Ош автоунаа ишканасы: Муниципалдык транспортко аз киши салганда чыгым акталбайт

Сүрөт: Ош автоунаа муниципалдык ишканасы

Ош шаарында муниципалдык транспорт ишке кирген күндөн тарта жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөнү байкалууда. Айрым соцтармактардын колдонуучулары автобус жана троллейбустардагы адамдын көптүгүнө нараазы болуп видео да жарыялашкан.

Тасмалардын биринде жүргүнчүлөр аралыкты сактабай, бири-бирине жакын отурушканын көрүүгө болот. Мындан тышкары дистанцияны транспортто туруп бараткан шаар тургундары да сактаган эмес.

Ал эми жүргүнчүлөр муну адамдардын транспортко көп чыгып жатканы менен түшүндүрүп, айдоочуларды эскертүү берген жок деп айыпташкан.

«Киши толгондон кийин айдоочу өзү ашыкча адам албаш керек да. Аялдамадан токтобой койсо болот. Чоң адамдар кирген сайын биз жылып отура беребиз, андыктан айдоочу өзү чара көрүшү керек», — дейт жүргүнчүлөрдүн бири.

Ал эми Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров айдоочулар жүргүнчүлөргө талаптарды сактоо боюнча тынымсыз эскертүү берип жатканын билдирди. Анын айтымында, айдоочулар 35-40 жүргүнчүдөн аз жүргүнчүнү ташый алышпайт. Себеби түшкөн жол кирелер кеткен чыгымды актабай калат.

«Биздин ишкана өкмөт кандай эрежелерди койгон болсо баарын аткарып жатабыз. Башында эле эреже боюнча жүргүнчүлөрдүн саны 35-40 адамдан ашпаш керек деп айтканбыз. Азыр андан ашкан жок. Бирок эл деген эл экен, отурбагыла деген жерлерге отуруп, айтканды түшүнбөй жатышат», — деди Капаров.

Капаров бардык коомдук унааларды ишке тартуу үчүн күйүүчү май сатып алууга жана ар бир транспортко көзөмөлдөөчү контролёр алууга каражат жетишсиз экенин белгиледи.

«Биз айдоочуларга күйүүчү майды өзүбүз алып беребиз. Мисалы бир линияга 14төн ашык транспорт коё албайбыз. Себеби алардын баары чыгым. Ашыкча күйүүчү май алыш керек болот, учурда ага мүмкүнчүлүк жок. Ушулардын баарын эсепке алыш керек», — деп түшүндүрдү ал.

Ал эми Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков мекеме-ишканаларда карантиндик эрежелер бузулган учурда жергиликтүү бийликтин жетекчилери аларга кайрылмайын, милиция эч кандай чара көрө албасын айтты.

«Жарандык коргонуу жөнүндө мыйзамга ылайык, Кыргызстандын аймагындагы ар бир ишкананын, фирманын жетекчилиги кол алдында иштеген жарандардын жана келген кардарлардын коопсуздугуна жоопкер жана башкаруу функциясын аткарууга милдеттүү», — деди ал.

Ош шаарында коомдук транспорт 25-май күнү ишке кирген. Учурда жүргүнчүлөрдү 26 троллейбус жана 22 автобус тейлеп жатат.

Бул Ошто карантиндин айынан кризиске дуушар болгон жалгыз ишкана эмес. «Ош-Тазалык » муниципалдык ишканасы коммуналдык төлөм карантин убагында 50 пайызга жыйналбай калгандыктан өзүн-өзү каржылай албай калган.

Мындан улам Ош шаардык мэриясы мекемеге 7 млн сом бөлүп бермей болгон. Ал эми шаардын бюджетине өзгөчө абал режиминен улам 100 млн сомдон ашуун каражат түшкөн эмес.