Кытайдан жүк ташыган 50гө жакын айдоочу 8-июнда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн алдына нааразычылык билдирип чогулушту. Алар облустун Алай районундагы кыргыз-кытай чек арасынан бир гана кытайлык «Абу-Сахий» карго компаниясына таандык жүк ташуучу унаалар өткөрүлүп жатканын айтып арызданышты.
«Кайда гана барбайлы “Абу-Сахийдин” кызыкчылыгы корголуп жатат»
«Эркечтам» өткөрмө бекети аркылуу каттаган айдоочулардын сөзүнө караганда, чек аралар ачылганына карабай, кыргызстандык жүк ташуучулардын жумушу жандана элек. Анткени Кытай тарап Кыргызстанга дээрлик «Абу-Сахий» фураларын гана өткөрүп жатат.
«Биздин негизги көйгөйүбүз — “Абу-Сахий” деген фирма. Алар ушунча элдин ырыскысын кыйып, айдоочулар жумушсуз үйүбүздө отурабыз. Карантинде бала-чаканы бага албай отурдук чек ара жабылып, эми мынтип ачылса дагы мүмкүнчүлүк бербей жатышат», — дейт айдоочулардын бири Байыш Ураимов.
Ал эми айдоочулардын өкүлү Исабай Сулайманов алардын кызыкчылыгын эч ким коргобой жатканын айтып кейиди. «Кайда гана барбайлы “Абу-Сахийдин” кызыкчылыгы корголуп жатат. Биздин чек арадан өтүшүбүзгө “Абу-Сахий” 100 пайыз тоскоолдук жаратып жатат. Бизде жүктөрдүн 70 пайызы транзиттик болуп саналат. Ашып кетсе 30 пайызы гана импорт болуп жатат», — деп түшүндүрдү Сулайманов.
Ал ошондой эле, кытайлык компания транзиттик жүктөрдү ташыгандыктан анын мамлекетке пайдасы жок деген пикирде. Ал эми жергиликтүү айдоочулар жүк ташып келгени үчүн салык төлөп турушат.
«Эгер ушул “Абу-Сахийдин” унааларын азайтып, 30 унаа өтө турган болсо ошонун экөө же үчөө транзит, калганы импортко чыксын деген маселебиз чечилип калса, ошол компаниянын унааларынын ордуна кирген 20 унаадан 50 миң доллардан растаможка түшө турган болсо, бир күндө эле бир миллион доллардан бюджетибизге түшмөк. Кээ бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы каралбай жатат», — деди Сулайманов.
Айдоочулар коомунун төрагасы Надыр Токторов мамлекет тиешелүү аракеттерди көрбөй жатат деп эсептейт. Анын айтымында, жүк ташуучулар дээрлик бир айдан бери аталган маселе менен жергиликтүү бийликке кайрылып келет.
Айдоочулардын ишениминде жергиликтүү мамлекеттик органдар көйгөйдү чечип коё алмак. Бирок алардын кайрылуулары жана каттары көз жаздымда калууда.
«Бул жерге жөн гана ачка калдык деп келген жокпуз. Атамекендик айдоочулардын укугун мамлекет биринчи орунда коргошу керек. Ал эми “Абу-Сахий” кытайлык олигархтын компаниясы. Биздин чек арачылар кытайлык чек арачылар менен тең ата сүйлөшө албай жатат, мамлекет сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй жатат», — дейт ал.
Мындан сырткары, Токторов трассанын баарына «Абу-Сахийдин» фуралары кожоюндук кылып, кыргыз айдоочуларына жол бербей, үстөмдүк кылып жатканын кошумчалады.
«Эл өзүбүздүн көйгөйдү өзүбүз тартып эле жүрөбүз. Менин оюмча мунун баары өзүмчүлдүктөн келип чыгып жатат. Ошол компания баюу максатында акчанын баарын монополия кылгысы келип жатат да. Өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон “Абу-Сахий” — бул акчага көмүлүп калган компания экен», — деп түшүндүрдү ал.
Гуманитардык жардамбы же парабы?
Буга чейин Кытайдын «Абу-Сахий» компаниясы кыргыз өкмөтүнө өзгөчө абал учурунда 531 миң долларлык гуманитардык жардам тапшырган. Аны өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кабыл алып, Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берген.
Журналисттик иликтөөдө өкмөттүн аты аталган компаниядан чоң суммадагы жардам алганы коомчулукта талкуу жараткан. Ал эми Жылкыбаев «Азаттыкка» курган маегинде кырдаалга жараша жардамды ылгабай алып жатышканын айткан.
Бирок айдоочулардын өкүлү Исабай Сулайманов кытай компаниясы тартуулаган гумжардамды алардын «парасы» деп койсо болот дейт.
«“Абу-Сахийдин” өкүлү гумжардам деп обладминистрациянын алдына бир-эки унаа жүк алып келген. Бул эми мындайча ойлогондо ошолордун берген парасы деп койсо да боло турган болуп калды да, менин оюмча. Ошол негиз болуп жатабы, же башка кызыкчылыктар барбы бүгүнкү күндө 30 унаа өтсө ошонун 20-25и алардыкы. Өзүбүздүн айдоочулар ошол жерде саргайып жатышат, кезек күтүп», — деди Сулайманов.
Ал эми дагы бир айдоочу Тургунали Шаманов «Абу-Сахийдин» айынан миңдеген айдоочулар үй-бүлөсүн бага албай, банктагы насыяларын төгө албай жатышканын айтып, буга гумжаржамдын тиешеси бар деп эсептейт.
«Мына урматтуу президентибиз өзү факты менен сүйлөгүлө деп жатат. Бизде факты бар. Азыр бажы кызматтарынын деле дептерин ачып карасаңар, ошол кирип-чыккан фуралар жазылган. Мамлекет кытайлык ишкердин чөнтөгүнө иштеп берип жатат», — деди ал.
Жергиликтүү бийликтин жообу
Айдоочулардын алдына өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Ахмаджан Махамадов чыгып «Абу-Сахий» компаниясы жардам бергени менен өкмөт тарабынан аларга эч кандай жеңилдик берилген жок дейт. Ошондой эле, анын айтымында, бул гумжардам өкмөттүн саясий эркине таасир этпейт.
«Жардам берген бир гана алар эмес, эгер ал белектер биздин саясий принципке таасир этсе туура эмес болот, алар өз көңүлүнөн бериши керек. Эгер маселени чечүү үчүн берген болсо мындай жардам керек эмес, андай ойдо берген болсо биз албай эле койгонубуз жакшы […] Айдоочулардын талабын уктук, койгон маселеси туура. Ушул маселелерди изилдеп чыгып, чечүүгө аракет кылабыз. Азыр эки жактын чек ара кызматы жана бажысы биригип, бул маселени жалпы чечиши керек», — деп билдирди Махамадов.
Мамлекеттик чек ара кызматынан бул маселе боюнча Мамлекеттик бажы кызматы жооп берет деп айтышты. Бирок бажы кызматынан да көйгөйдү чечүү алардын компетенциясында эместигин билдиришти-
«Биз алдын ала ким кирет, ким чыгат — аны көзөмөлдөбөйбүз. Келип калган жүктү гана текшерүүдөн өткөрөбүз. Калган маселелерди тиешелүү органдар карайт», — деди мекеменин басма сөз катчысы Жаманак Мусурканов.
Абдукадыр кланы, чек арадагы аткезчилик, «Абу-Сахий»
«Абу-Сахий» карго компаниясы «Клооптун», «Азаттыктын» жана OCCRPнин бажыдагы коррупция жана Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги тууралуу биргелешкен журналисттик иликтөөсүндө аталган.
Иликтөөчү журналисттердин информатору Айэркен Саймаити бул компанияны кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр жана анын бир туугандары негиздегенин айткан.
Жылдар өтүп, Абдукадырдын үй-бүлөсү «Абу-Сахийди» байыркы Жибек Жолунун изи менен Кытайдан товар ташыган карго империясына айландырган.
Саймаитинин айтымында, «Абу-Сахий» компаниясынын 600 жүк ташуучу унаасы ар кандай товарлар менен Кытайдын Шиңжаң Уйгур автоном району менен Кыргызстандын чек арасы аркылуу өтүп, Ташкентке, андан ары башка аймактарга жөнөтүлүп турган.
Аткаминерлер бажы аркылуу мыйзамсыз өткөрүп жаткан ар бир жүк ташуучу унаа үчүн алган паранын өлчөмү 4,6 миң доллардан 5 миң долларга чейин болгон. Эгер анын бир айда 600 жүк ташуучу унаа деген эсебин колдонсок, анда ай сайын түшкөн киреше 3 миллион долларды түзгөн.
Жүктүн далай бөлүгү өзбек чек арасына жакын жердеги Кашкар-Кыштак айылындагы кампага түшүрүлүп турган. Андан соң бош машинелер «транзит» деген документтери менен Өзбекстанга жөнөтүлгөн. Түшүрүлгөн жүктү Кыргызстанда сатууга же Казакстан жана Орусия сыяктуу кирешелүү базарларга жөнөтүүгө жол ачылган. Товарлардын дагы бир бөлүгү «Абу-Сахий» базарына калтырылып турган.
Бул схема ЕАЭБ тарабынан каралган жыйымдардан кутулууну мүмкүн кылган.
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» бажы терминалдарында, ошондой эле өзбек чек арасындагы Кара-Суу терминалында жетиштүү сандагы тааныш офицерлер иштеген. Андыктан бул мекемелер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн жеке менчик жайлары сыяктуу иштеп калышкан.
Ондон ашык ишкер сүрөттөп берген тартипке ылайык, «Абу-Сахий» жана ага байланышы бар карго компаниялары гана өздөрүнүн жүк ташуучу машинелерин бажы посту аркылуу тез жана натыйжалуу өткөрүп кетип турушкан. Атаандаш фирмалар кечеңдетүүгө жана оор тоскоолдуктарга кабылгандыктан алар үчүн бизнес жүргүзүү оор ишке айланган.
Абдукадыр Кытайда төрөлгөн, бирок 2011-жылдын ноябрында Казакстандын паспортун алган, ал эми 2012-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде жашап турууга уруксат алган.
Анын, үй-бүлөсүнүн жана компанияларынын кыргыз аткаминерлери жана саясатчылары менен тыгыз байланышы бар. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен да тааныш. Жээнбековдун инаугурациясында да болгон. Ошондой эле, Абдукадырдын Матраимовдордун үй-бүлөсү — Кыргызстандагы таасирдүү клан — менен чогуу негиздеген Дубайда бизнестери да бар. Ал эми анын «АКА» компаниялары Кыргызстандагы көптөгөн тендерлерге катышкан.
Айэркен Саймаити деген ким?
Айэркен Саймаити — уйгур тектүү кытайлык бизнесмен — ал Кыргызстан аркылуу ири суммадагы акчаларды адалдоо тууралуу журналисттик иликтөөнүн негизги фигуранты.
Саймаити 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбул шаарында киши колдуу болгон. Бирок каза болгонго чейин ал Абдукадыр кланына акча адалдап берип жүргөнүн айтып берген. Анын айтымында, «көмүскө курьерлердин» жана банк аркылуу акча которуулардын жардамы менен беш жыл ичинде Кыргызстандан 700 млн долларга чукул акча чыгарылган.
Абдукадыр кланынын Кыргызстан аркылуу аткезчилик жол менен товар өткөрүү схемасы кандайча уюшулгандыгы жана ошондой эле бизнесмендин үй-бүлөсүнүн Борбор Азиядан экспорттолгон товардан түшкөн акчага алган мүлкү жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн:
Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар
Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы
Миллиондор изи: Абдукадыр кланынын сансыз мүлкү
Абдукадырдын кланы миллиондогон долларларды кантип көмүскө кербен аркылуу ташып турган?