Президент үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жактырды

Сооронбай Жээнбеков Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамына кол койду. Ал боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка шектүүнү кармоо үчүн шарттар толукталган.

Мыйзам долбоору боюнча болгону бир гана берене өзгөрөт — 504 — ал 3,1 тарамча менен кошумчаланат. Анда үй-бүлөлүк зомбулукка шектүү адамды 48 саатка кармоо үчүн негиздер жазылган.

Жаңы үч пункт боюнча эгер шектүү жабыркаган адамдын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү менен ден соолугуна коркутуу жаратса, ал мас абалда болуп зомбулукту уланта берсе, коркутса жана ур-токмоктосо, анда укук коргоо органдары үй-бүлөлү зомбулукка шектүүнү кармашы керек.

Өзгөртүүлөрдүн демилгечилери жазышкандай, жаңы кодекстер киргизилгенден кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үй-бүлөлүк зомбулукка реакция кылууга кыйын болуп калган, анткени мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук кылгандарды өзгөчө учурларда гана кармоого укук берген.

Бирок нормативдик-укуктук актыларда да, Жогорку соттун токтомдорунда да «өзгөчө учурлар деп эмнелер айтылаары» түшүндүрүлгөн эмес.

Парламент мыйзамды 30-апрелде кабыл алган.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулуктун абалы

Бийлик өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулук маселесине көңүл буруп, Бишкекте жана Ошто жабыркагандар үчүн кризистик борборлорду ачып берүүнү убада кылган.

Парламенттин депутаттары үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүүнү сунушташкан, анткени учурда зомбулук кылган адамга штраф эле салынат. Бул талкуулар 2020-жылдын башынан тарта Кыргызстанда үч аял күйөөсүнүн ур-токмогунан каза таап, дагы бирөө денеси күйүп ооруканага жаткырылган шартта болгон — күйөөсү ага бензин чачып, өрт койгон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.

Аталган фактылардын 649у Кылмыштарын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Анын төртөө «Киши өлтүрүү», 451и «ден соолукка оор жана оор эмес зыян келтирүү», алтоо «зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери менен катталган. Калган 5496 факты Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган беренелер менен катталган.

Эгер үй-бүлөдө ур-токмокко кабылсаңыз эмне кылыш керек?

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкө аялдарынын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек. Бул мыйзам төмөнкүдөй иштейт: