Президент менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жолугушуусу. Сүрөт: Султан Досалиев

10-июнда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна эки күндүк иш сапары менен барды. Анын алкагында июнь окуяларынын 10 жылдыгын эскерүү иш чарасына катышты. Андан сырткары Ош шаарындагы жарандык коомдун өкүлдөрү менен да жолукту.

Буга чейин 8-июнда Ош шаарындагы жарандык коомдун өкүлдөрү мэриянын алдында «Президент, үнүбүздү угуп коюңуз» акциясын уюштурушкан. Борбордук аянтта чогулгандар Жээнбековдон аларды кабыл алуусун өтүнүшкөн.

Жолугушууга катышкандардын бири «Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу жетекчиси, укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева «Клоопко» кандай маселелер талкуулангандыгы жана берилген суроолорго мамлекет башчысы эмне деп жооп бергенин айтып берди.

Мамасалиева ал президент менен жолугушууга чейин региондогу социалдык көйгөйлөрдү тизмектеп алган, арасында Ош шаарынын маселелери да бар. Өлкө башчы менен болгон жолугушууга шаар мэри Таалайбек Сарыбашов дагы катышкан.

«Президент мэрди атайын жанына отургузду деп ойлойм, анткени эмне тууралуу сөз болуп жатканын ал да уксун деди окшойт. Мен талкуулаган маселелердин жазуу түрүндөгүсүн президентти коштоп жүргөн балдарга берейин десем, президент “өзүм алайын” дегенинен колуна тапшырдым. Эми ал тапшырмаларды берсе керек деп ойлойм», — деди укук коргоочу.

Адилетсиз соттук териштирүүлөр тууралуу

«Соттук териштирүүлөрдүн адилетсиздиги тууралуу маселе койгондо, президент сот иштерине кийлигише албайм деп жооп берди. Бирок судьялар боюнча реформа жеке көзөмөлүндө экенин жана аны акырына чейин чыгараарын айтты. “Конкреттүү чечимдерге, же кейстерге таасир эте албайм, ал менин компетенциямда эмес,

бирок Жогорку соттун төрайымына рефороманы жакшыртуу боюнча рекомендацияларды айтам” деди», — дейт Мамасалиева өз тизмегиндеги биринчи маселе боюнча алган жообун айтып жатып.

Ошондой эле, укук коргоочу турак жайлар үчүн компенсациялардын төлөнүп берилишиндеги акыйкатсыздыкка да токтолгонун маалымдады. Анын айтымында, «турак жайларды алуу жана бузуу тууралуу жоболордун» иши аксап жатат. Коңшу өлкөлөрдө, мисалы, Өзбекстанда жана Казакстанда бул жобо эчак иштей баштаган. Президент айтылган сунуштарды өкмөткө жолдоорун жана бул боюнча тапшырмаларды берерин убадалаган.

Укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева. Сүрөт: Султан Досалиев

Этникалык топтор менен иштөө

Мамасалиева Кыргызстан боюнча этникалар аралык ынтымакты бекемдөө боюнча он кабылдама — төртөө түндүктө, алтоо түштүктө бар экендигин белгиледи. Анын айтымында, калаадагы өзбек улутундагы жарандар өз көйгөйлөрүн чечүү максаты менен коомдук кабылдамаларга кайрылышса болот, бирок иш жүзүндө андай болбой жатат. Анткени коомдук кабылдамалар аларды жакшы кабыл алып, коргобойт. Анын ордуна жарандар «Интербилимге» кайрылышат.

«Бул ишти сертификаттары бар, эл аралык стандарттарга жооп берген, атайын окуулардан өткөн адистерге, медиаторлого тапшырсак болот эле дедим. Президент “бул ишти Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелери боюнча мамлкеттик агенттигине тапшырам, ушул боюнча силер менен иш алып барсын” деди», — деп түшүндүрдү Мамасалиева.

Мындан сырткары, ошол күнү түштөн кийин аталган агенттиктен укук коргоочуга чалып, коомдук кабылдамалардын ишин жакшыртуу маселеси боюнча Ошто тегерек столдун алкагында сүйлөшүүнү пландашканын кошумчалады.

«ЭМАКОМдун» — Сулайман тоонун ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып калуу коркунучу

Мамасалиева президент «ЭМАКОМ» компаниясы куруп жаткан объектилерди жеке көзөмөлүнө алууну убадалаганын жана анын артында ким турганына кызыкканын айтат.

«Жогорку Кеңештин депутаты экенин билем, бирок аты-жөнүн билбейм дедим. Сотторго таасир бере турган чоң аткаминердики дедим, анткени курулуштун мыйзамсыздыгы тууралуу сотторго кайрылганда эле “ЭМАКОМдун” пайдасына чечилип жатпайбы. Эми президент бул тууралуу кабардар болду, биз анын артында ким тураарын таап, президентке айтышыбыз керек. Анткени ал өзү артында ким турганын билүүнү каалап жатат», — дейт укук коргоочу.

Мамасалиева ошондой эле, жолугушууда өлкө башчы мэрге «ЭМАКОМ» компаниясынын мыйзамсыз курулушуна кандай жол берилип калгандыгын сураганын кошумчалады. Шаар башчысы «ал курулуш мен кызматка келе электе башталган» деп жооп берип кутулган.

2008-жылы Ош шаарындагы Ленин көчөсү 351 дарегинде жайгашкан эки кабаттуу үй 6,5 баллдык жер титирөөдө жабыркап, «авариялык абалда» деп табылган. Кийинчерек анда жашаган 40 үй-бүлө менен «ЭМАКОМ» келишим түзүп, компания көп кабаттуу кабаттуу турак жай сала баштаган. Бирок шаардык Архитектура башкармалыгы да, Экотехинспекция да курулуш иштери уруксатсыз башталганын билдиришкен.

Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде тургандыктан, тоонун буфердик жана корук аймагы боюнча жобо бекитилген. Ага ылайык курулуштардын бийиктиги тоону тосуп калбашы керек. «Сулайман-Тоо» музей комплексинин башкы директорунун орун басары Хайрулло Ибайдуллаев курулуш тоону тосуп калганын ырастап, буга байланыштуу Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн экенин айткан.

«ЭМАКОМ» компаниясы курулушту баштоого чейин Маданият министрлигинин көрсөтмөсү боюнча Кыргыз реставрация институтунан курулуштун бийиктиги боюнча корутунду алышы керек болчу. Бирок компаниянын юристи Алмазбек Дыйканбаевдин айтымында, министрлик да, институт да белгилүү бир бийиктикти бекитип беришкен эмес.

Ош шаардык прокуратурасы 2018-жылдын 31-декабрында «ЭМАКОМ» компаниясынын жетекчисине каршы «өзүм билемдик» беренеси менен иш козгогон. Мындан тышкары прокуратура компанияны курулушту улантып жатканы үчүн да сотко берген.

«ЭМАКОМ» компаниясынын юристи Алмазбек Дыйканбаев «Клоопко» иш облустук сотто жарандык тартипте каралып жатканын кабарлаган. Ошондой эле, «өзүм билемдик» беренеси боюнча компания 60 миң сом айыппул төлөгөнүн, ал эми курулуш мыйзамдуу, же мыйзамсыз деп табыла электигин билдирген. Соттук териштирүүлөр болуп жаткан учурда турак жай курулуп калды. Имарат алты кабаттуу, мансард менен жети кабат болот.

Муниципалдык жерлердин тизмесин ачыкка чыгаруу тууралуу

Ош шаарынын жалпы көрүнүшү. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу

Мамасалиева санариптештирүү бул коррупцияны токтотууга өбөлгө болорун айтат, анткени компьютер адамды улутуна, жашына, социалдык абалына карап ылгай албайт. Ошондуктан санариптештирүү калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө эң жакшы инструмент болмок деп эсептейт.

Укук коргоочу 2019-жылдын ноябрында муниципалдык жерлерди санариптештирүү боюнча Ош мэриясы менен меморандум түзүлгөнүн, бирок муниципалитет келишим боюнча иш алып барбай жатканын айтат. Ал эми Жалал-Абад шаарында бул иш башталганын кошумчалайт. Мамасалиева Ош мэриясы ишти коронавируска шылтап кечеңдетип жатат деген пикирде.

«Эртең, бүрсүгүнү деген куру убадаларды берип келишет. Эмнеге? Анткени алар бул аралыкта мыйзамсыз колдонуп келген жерлерди мыйзамдаштырып алгысы келет. Муниципалитеттин жөн эле ижарага берип койгон жерлери толтура. Ал эми санариптештирүү киргенден кийин баары ачык болот. Президенттин мэрге менин көзүмчө тапшырма берип, тездетүү тууралуу буйрук бериши абдан маанилүү эле», — деп билдирди Мамасалиева.

Буга чейин журналист Гүлзат Газиева Ош шаарынын аймагындагы бош турган жер тилкелердин жана объектилердин тизмесин, жайгашкан даректерин муниципалдык менчик башкармалыгынан билүүгө мүмкүн эместиги тууралуу иликтөө жасаган.

Газиеванын айтымында, калаанын муниципалдык менчигинде жалпы аянты 2 млн 316 миӊ 237 чарчы метр жер тилкеси бар. Бирок, ошол жер тилкелердин канчасы кандай шартта пайдаланылып жатканы, кимге канча мөөнөткө ижарага берилгени, объектилердин бааланган наркы жана башка маалыматтар коомчулук үчүн жабык.

Ал эми мыйзамда «мүлккө муниципалдык менчик объектилеринин реестринин мазмуну жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар иликтѳѳ үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш» деп айтылат.

Убактылуу жана социалдык турак жайлар тууралуу

«Мен ошондой эле убактылуу жана социалдык турак жай маселесин көтөрдүм», — дейт «Интребилимдин» жетекчиси. Мамасалиеванын айтымында, социалдык жана убактылуу турак жайларды куруу долбоорлору боюнча «Интербилим» жана «Наше жильё» коомдук уюму иш алпарат.

«Мамлекеттик ипотекалык компания менен бирге социалдык турак жай маселесин карайлы деп сунуш бердим. Бирок, менимче президент туура эмес түшүнүп алды окшойт. “Ооба биз турак жайлар менен камсыз кылуу, ипотекалык жолдорду жеңилдетүүнү ойлонуштуруп атабыз. Анан бул жаатта да бирге кызматташсак болот” деген эле жоопту берди», — дейт укук коргоочу.

Мамасалиеванын айтымында, калктын аярлуу катмарына жана көп балалууларга өкмөт жардам бериши үчүн өкмөттүн балансында эң аз дегенде 2000ден 5000ге чейин убактылуу турак жай болушу керек. Убактылуу турак жай менен камсыздоо өкмөттүн балансындагы үйлөрдү убактылуу пайдаланууга берүү.

Ошондой эле укук коргоочу мамлекет курулуш компаниялары менен атайын келишим түзүп, социалдык турак жайларды курушу керектигин айтат. Ал социалдык турак жайлар үйгө муктаж болгондорго жеңилдетилген түрдө узак мөөнөткө, 30-40 жылга чейин ипотекага берилет.

«Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыяга үйлөрдү алуу шарттары баарына эле туура келбей жатпайбы. МИКтен мисалы дыйкан ала албайт, журналист ала албайт, башкача айтканда майда бизнес менен алекетенгендер ала албайт. Анткени алар мамлекеттик ишмер эмес», — дейт Мамасалиева.

Бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөөнү күчөтүү мыйзам долбоору тууралуу

«Президент "Жарандык коом күчтүү болуусу керек, бул биздин жетишкендигибиз! Коом канча ачык болсо, ошончолук жакшы!" деп белгиледи. “Мыйзам долбоору кол койгону мага келсин, анан кылдаттык менен карап чыгып, ойлонуп көрөм” деп жооп берди. Президент бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбооруна Жогорку Кеңештин чечимине карап бүтүм чыгараарын айтты» , — дейт Мамасалиева.

Буга чейин депутат Бактыбек Райымкулов коммерциялык эмес уюмдарга болгон көзөмөлдү күчөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун сунуштаган. Райымкулов чет өлкөдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдар донорлордон канча акча алып, кайда сарптаганы тууралуу өкмөткө деталдуу эсеп-кысап тапшырып турушу керектигин айткан. Мындан сырткары, бул отчёт Юстиция министрлигинин алдындагы жаңы мамлекеттик порталда жарыяланып турушу керек.

Ал эми Кыргызстандагы ар бир бейөкмөт уюм жыл сайын Салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине эсеп-кысап тапшырып турары белгилүү. Бирок депутат коммерциялык эмес уюмдар мүлкүн, кызматкерлеринин санын жана алардын маяналары тууралуу маалыматтын ачык болушун көздөйт.

Өкмөт болсо отчёттор үчүн атайын маалыматтык система жасап чыгуу көп убакыт жана акча талап кыла турганын билдирген. Ошондой эле, миңдеген уюмдардын отчётторун салыштырып текшерип чыгуу дээрлик мүмкүн эместигин жана ал Юстиция министрлигинин милдеттерине кирбей тургандыгын белгилеген. Өлкөдө 18 миңден ашуун коммерциялык эмес уюмдар иш алып барат.

15-июнда бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин экинчи окуусунан өттү. Депутат Дастан Бекешов билдиргендей, комитетте аталган мыйзам долбооруна эч ким каршы чыккан эмес.

«Бул мыйзам экономикалык жактан терс көрүнүштөргө алып келет. Көп бейөкмөт уюмдар жабылып калат жана эл аралык долбоорлор иштебей калат. Сиздер ушуга алып бара жатасыздарбы?» — деп суроо салган депутат.

Буга чейин бир нече бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да аталган долбоор менен макул эместигин бидирип митингге чыгышкан. БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү да парламентке нота жолдоп, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү өлкөнүн беделине шек келтирерин билдирген.