Ош облустук сотунда 17-июнда жолдошун өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган Гүлжан Пасанованын аппеляциялык арызы каралды. Облустук сот шаардык соттун чыгарган өкүмүн күчүндө калтырды.

Бирок судья Мунапыс боюнча мыйзамдын негизинде соттолуучунун жазасынын үчтөн бир бөлүгү кыскартты. Облустук соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкуловдун айтымында, нааразы тарап Жогорку сотко даттанууга укуктуу.

«“Ден соолукка оор зыян келтирүү менен өлүмгө дуушар кылуу” беренеси менен айыпталып жаткан соттолуучуга 2020-жылдын 5-мартында чыккан Ош шаардык сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды», — деди Осмонкулов.

Ош шаардык соту буга чейин Пасанованы 9 жылга эркинен ажыратып, 90 миң сом айып салган. Мунапыс боюнча мыйзамдын негизинде анын жазасы 3 жылга кыскартылды.

Пасанованын жактоочусу Мухаё Абдураупова Ош облустук соту тарабынан чыккан өкүмдү «акыйкатсыз» деп атады. Бирок анын кардары сот чечимин даттанбай турганын билдирди. Муну ал маркумдун жакындары тарабынан «басым жасалып, коркутуулар болуп жатканына» байланыштырды.

«Пасанова сотто коргонуу максатында гана арматура менен чаап жибергендигин, жолдошун өлтүрүү оюнда болбогонун айтты. Кардарымдан “Жогорку сотко даттанабызбы?” деп сураганымда “жок” деп жооп берди. Ал кайын журту тарабынан ата-энесине басым болуп атканын жана ошондой эле инисинин ишине [иниси милиционер] кедергисин тийгизгиси келбегинин айтты», — деди Абдураупова.

Маркумдун туугандары «Клоопко» сот чечимине нааразы экенин билдиришти. Алар облустук соттун чечимин даттанышат.

«Биз Ош шаардык соту 9 жылга камоо өкүмүн чыгарганда да нааразы элек. Бирок эч жакка арыз жазуу, даттануу деген оюбуз жок болчу. Эми бүгүнкү Ош облустук сотунун мунапыс боюнча үчтөн бир бөлүгү алынып салынсын дегенге нааразы болгон үчүн Жогорку сотко кайрылабыз», — дейт маркумдун бир тууган эжеси.

Пасанованы колдоп сот имаратынын алдында жарандык активисттер чогулду. Алар тарабынан «Коргонуу — кылмыш эмес», «Гүлжан Пасановага түрмө эмес жардам керек», «Зомбулукка каршыбыз» сыяктуу чакырыктар айтылды.

Гүлжан Пасанованы колдоп келген жарандык активисттер. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу / Кloop.kg

Гүлжан Пасановага байланыштуу иш

2019-жылдын 19-ноябрында 29 жаштагы Гүлжан Пасанова менен 46 жаштагы жолдошунун ортосунда кызганычтын айынан чыр чыккан. Пасанова өз көрсөтмөсүндө күйөөсү мас болуп, ага бычак шилтегени, мындан улам коркуп кетип аны арматура менен башына чаап жибергенин айткан. Көп кан кеткендиктен жолдошу ооруканада каза тапкан.

Пасанова күйөөсүн акыркы сапарга узатып жатканда милиция тарабынан камакка алынган. Ал күйөөсүн башына чапкандыгын мойнуна алып, бирок муну өзүн коргоо максатында жасагандыгын жана аффект абалда болгонун билдирген.

Голливуд актёру Жорж Клунин фонду Пасанованын соттук ишин байкоого алып келет. Аталган фонд 2020-жылдын май айында баяндама жарыялап, анда Пасанованын укуктары бузулганын билдиришкен. Ошондой эле Ош облустук сотуна кайрылып, аялды бошотууга чакырышкан. Анткени, фонд Пасанова үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөн жана жолдошун коргонуп жатып өлтүрүп алган деген пикирде.

Облустук соттук басма сөз кызматынан Клунинин фонду жарыялаган баяндама тууралуу кабарлары бар болгонун жана ишти караган судья чечим чыгарууда аны эске алган дешти.

Пасанованын адвокаты Мухаё Абдураупова 12-июнда Башкы прокуратурага ага карата коркутуулар болуп жатканын билдирип, арыз менен кайрылган. Ал аны коркуткан адамдар Пасанованын кайын журту болушу мүмкүн деп эсептейт. Ал эми маркумдун жакындары адвокаттын сөздөрүн четке кагышууда.

Тема боюнча: