Ошто «күйөөсүн коргонуу максатында өлтүрүп алган» аялдын адвокаты коркутууларга кабылганын айтууда

Жактоочу Мухаё Абдраупова. Сүрөт: Фейсбуктан алынды 

Жактоочу Мухаё Абдраупова «Клоопко» белгисиз адамдар тарабынан коркутууларга дуушар болуп жатканын айтты. Буга байланыштуу адвокат 12-июнда Ош шаардык прокуратурасына арыз жазды.

Абдраупованын айтымында, аны коркутуп жаткандар кардары Гүлжан Пасанованын кайын журту болушу мүмкүн. Пасанова Ош шаардык соту тарабынан 5-мартта күйөөсүнүн өлүмүнө айыптуу деп табылып, 9 жылга кесилген. Бирок Пасанова жолдошун коргонуп жатып өлтүрүлүп алганын айткандыктан Абдраупова аппеляциялык арыз берген.

«“Көтүңдү кыс, арызды ал! 17-июнга чейин арызды албасаң заказ кылдырып башкача сүйлөшөм” деп коркутуп жатышат. Муну мен түзмө-түз коркутуу жана адвокаттык ишиме тоскоолдук деп эсептейм. Мен жактоочулук ишими аткарып жатам деген жүйөлөрдү укпай жатышат. Сен өз алдыңча иш кылып жатасың дешет. Пасанованын ишинде менин адвокат деген ордерим турат, эгер мен анын суранычын аткарбасам, анда адвокаттык ишмердүүлүгүмдө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн», — дейт Абдраупова.

Мындан сырткары, жактоочунун айтымында Пасанованын туугандары да аппеляциялык арызды кайтарып алууну суранып жатышат.

«Каза тапкан жарандын туугандары Пасанованын туугандарына чалып, эгер жактоочу арызды кайра албаса “канга кан кылабыз” деп жатышыптыр. Бирок мен арызды кардарымдын уруксатысыз ала албайм. Соттук отурум башталаардан мурда да каза тапкан адамдын туугандары мени акаарат сөздөр менен тилдеп, “биринчи Гүлжанды өлтүрөбүз анан сени өлтүрөбүз” дешкенге чейин барышты», — деп кейиди жактоочу.

Гүлжан Пасанованын иши

Иллюстрация: Татьяна Зеленская

2019-жылдын 19-ноябрында 29 жаштагы Гүлжан Пасанова менен 46 жаштагы жолдошунун ортосунда кызганычтын айынан чыр чыккан. Окуя болгон күнү жолдошу мас абалында болгон жана Пасановага карата бычак шилтеп калганда тийбей калган. Пасанова коркуп кеткендиктен колуна арматураны алып жолдошун башка бир нече ирет чаап жиберген. Ал күйөөсүн ооруканага алып барганы менен көп кан кеткендиктен ал каза тапкан.

Пасанова күйөөсүн акыркы сапарга узатып жатканда милиция тарабынан камакка алынган. Ага карата «Байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу, саламаттыкка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон

Өз көрсөтмөсүндө, Пасанова күйөөсүн чапкандыгын мойнуна алып, бирок өзүн коргоо максатында жасагандыгын жана аффект абалда болгонун айткан.

Пасанованын адвокатынын айтымында, ал күйөөсү тарабынан зомбулукка системалуу түрдө кабылып келген. 2017-жылы жолдошу эсин жоготкончо сабап, анын айынан ооруканага жатып чыккан. Бирок жабырлануучу жолдошунун опузасынан коркуп, жыгылып кеттим деп калп айтканга аргасыз болгон.

Жактоочу Абдраупованын айтымында, Пасанова камакка алынгандан кийин медициналык текшерүүгө алганда аялдын денесинде көгалалар жана кан уюп калган тактар болгон. Бирок бул жагдайлар сотто эске алынган эмес.

«Туугандары да Гүлжандын сабалып жүргөнүн билишкен, ошон үчүн да сотту токтоткула деп ызылдашып, соттук отурумдарда Пасанованы сүйлөтпөй, анын сөздөрүн жалганга чыгарууга аракет жасап жатышат. Алар бир тууганы үчүн уялып жатышат деп ойлойм жана бул окуяларды башкалар укпасын деп жатышат», — деп түшүндүрдү Абдраупова.

Пасанованы Клуни фонду коргоп чыкты

Голливуд актёру Жорж Клуниге жана анын жубайына караштуу фонд, Пасанова акыйкатсыз соттук териштирүүдөн улам соттолгонун билдирип чыкты. Тиешелүү баяндама 2020-жылдын 12-майында жарыяланды. Анда сот Пасановага жолдошу менен болгон мамилесин далилдеп берүүгө каршылык көрсөтүп анын укугун бузду деп жазылган.

«Сот Пасановага коргонууга даярдык көрүүгө жана ал тарабынан бир нече күбөлөрдү чакырууга уруксат берген эмес. Ал күбөлөр Пасанованын системалуу түрдө жолдошу тарабынан зомбулукка кабылып жүргөндүгүн далилдеп беришмек», — деп жазылат докладда.

Ошондой эле аталган фонд Пасанова боюнча буга чейинки соттук отурумдарга байкоо жүргүзгөнүн баса белгилеп, Ош облусттук сотун Пасанованы бошотууга чакырат.

Актёр Жорж Клуни Клунинин акыйкаттык фондун жубайы Амал Клуни менен биргеликте түптөгөн. Фонд адам укугу бузулган учурларда адилеттүүлүк үчүн күрөшөт.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Буга чейин 12-июнда аялынын колун артына байлап, моюнуна таш салынган эки дөңгөлөктү илип, үстүнө чакалап суу чачып, бетке муштагылап кордоп жаткан кишинин видеотасмасы тараган. Окуя Сузак районунун Бек-Абад айылында 8-июнь күнү орун алган. Жабырлануучунун жакындарынын айтымында, аталган киши жубайына буга чейин да кол көтөрүп жүргөн.

Аталган окуя Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кармалган жаран 15 суткага камака алынган. Өкмөт бул фактыны көзөмөлгө алганын кабарлады. Бул окуя 15-июнда өкмөттүн алдындагы Аялдардын иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында каралат.

Жыл башынан бери алгачкы төрт айда өлкө боюнча жети аял үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан каза тапкан. ИИМдин маалыматы боюнча 2020-жылдын январынан мартына чейин үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча жалпы 2 319 кайрылуу катталган. Бул көрсөткүч үй-бүлөлүк зомбулук былтыркы жылга салыштырмалуу 65 пайызга өскөнүн кабарлайт.

Ал эми Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.