Кыргызстанда коронавирустан 37 киши каза болду. Жаңы эки учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-июндагы брифингде коронавирустан дагы эки бейтап кайтыш болгонун билдирди.

Маркум 51 жашта болгон. Ал Бишкек шаарындагы Темир жол ооруканасында даарыланып жаткан. Үсөнбаевдин айтымында, каза болгон жаран он күндөй өз алдынча дарыланып, ооруканага абалы оорлошуп кеткенде гана келген.

«Маркум өзүнүн айтуусу боюнча чет жаткарга чыккан эмес, коомдук жайларга деле көп барган эмес. Болгону ооруканага кеч кайрылган. Ал эми каза болгон экинчи бейтап 1974-жылы туулган, ал аял Ысык-Ата районунда дарыланып жаткан болчу. Маркум буга чейин тубёркулез менен ооруп жүргөн жана өзүнүн районунда кант диабети менен ооругандыктан каттоодо турган. Мындан сырткары эки бейтап тең дарыгерлердин аракеттерине карабай жандандыруу бөлүмүндө каза болду», — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен COVID-19дан көз жумган бейтаптардын саны 37ге жетти, алардын арасында эки медкызматкер жана бир мугалим бар.

Кыргызстанда 21-июнга карата коронавирус жалпысынан 3151 кишиге жукту. Анын 2011и айыгып ооруканадан чыгарылды. Учурда 525 киши дарыланып жатса, алардын он бири жандандыруу бөлүмүндө.