Коронавирустан каза болгон Айчүрөк Самакова өмүрүнүн 23 жылын мектепке арнады

Айчүрөк Самакова

8-июнда Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган дагы бир адам кайтыш болгону белгилүү болду — 67 жаштагы Айчүрөк Самакова Нарын шаарынын Чкалов атындагы мектебинин мүдүрү болуп эмгектенген.

Айчүрөк Самакова Нарын шаарында 1953-жылы 2-июнда туулган. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин ал 1968-жылы билимин алууну Нарын медициналык окуу жайында уланткан. Кийинчерээк, 1975-жылы, Самакова Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетине тапшырып, аны 1981-жылы аяктаган.

Самакова 1971-жылдан коммунисттик партиянын Нарын облусттук комитеттинде ар кандай кызматтарда иштеп, 1986-жылы Чкалов атындагы мектепке мүдүрдүн орун басары болуп келген. Ал эми 1997-жылы ал мектептин мүдүрү болуп дайындалган.

«Самакова чыгармачыл, жоопкерчиликтүү, ошондой эле, өнүгүү үчүн жан дүйнөсү менен берилген, республиканын таанымал мектебинин салттарын сактаган адам болгон. Ал толугу менен окуу процессин өнүктүрүүгө, педагогикалык коллективге эң керектүү шарттарды түзүп берүүгө жана балдарды окутууга өзүн арнады. Мындан улам мектеп 2007-жылы “Данк” медалы менен сыйланып, ал эми 2010-жылы республика боюнча ал жетекчилик кылган мектеп “Эң мыкты шаардык мектеп” наамын алган», — деп айтылат Билим берүү жана илим министрлигинин некрологунда.

Самакова «Билим берүү отличниги» жана «Эмгек сиңирген мугалим» наамдарына ээ болгон. Мугалимдин артында кызы жана күйөөсү калды.

Кыргызстанда COVID-19дан каза болгон бейтаптардын саны 23кө жетти — алардын үчөөсү Нарын облусунун тургуну.