Коронавирустун белгилери байкалбаган бейтаптарга үйдө дарыланууга уруксат берилет

Сабиржан Абдикаримов

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июндагы брифингде коронавирусту жуктуруп алган кээ бир бейтаптарга үйдө дарыланууга уруксат берилгенин кабарлады.

«Бул ооруканаларда орун жоктугунан эмес. Бул көптөгөн өлкөлөрдөгү кадимкидей эле практика: кээ бир симптому жок оорулуулар каттоого да алынышпайт, [мисалы] Орусия Федерациясында жана Казакстанда. Ал [бейтап] саламаттыкты бекемдөөчү дарыларды, витаминотерапияны үйдө деле алса болот. Ошондуктан биз кырдаалды жана ооруну жуктуруп алгандын калоосун эске алабыз», — деди Абдикаримов.

Министрдин айтымында, коронавирус менен симптомсуз ооругандардан сурамжылоо анкетасы жана үйдөн чыкпоо тууралуу милдеттенме алынат.

Буга чейин коронавирусту жуктуруп алган Жалал-Абад жана Бишкек шаарларынын башчылары үйдө дарыланып жатканы белгилүү болгон.