Жалал-Абад шаарынын мэринен коронавирус аныкталды

Мураталы Тагаев. Сүрөт: Руслан Калматов / «Азаттык» басылмасы

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден 18-июнда коронавирус аныкталды. 19-июндан баштап ал дарылануу үчүн эмгек өргүүсүнө чыкты. Тагаев дарыгерден онлайн кеңеш алып үй шартында дарыланып жатат.

Жалал-Абад мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбековдун айтымында, мэрде азырынча оорунун симптомдору байкала элек .

«Мэр негизи өпкө илдети тарай баштаган күндөн баштап эле коомдук жайларда, маркеттерде жүрдү, анын арасында обсервациялардан да кабар алып жүрдү. Учурда коронавирусту кайсыл жерден жуктуруп алгандыгы такталып жатат. Мэр иш бөлмөсүндө отуруп алган эмес да, сыртта жүрдү. Азыр абалы жакшы, учурда үй карантининде жатат», — деди Жээнбеков.

Мындан сырткары Жээнбеков мэрияда иштеген бардык кызматкерлерден да анализ алынып, алардын жыйынтыгы күтүлүп жаткандыгын кошумчалады. Анализдин жыйынтыгына карап мэриянын иштөө тартиби дагы өзгөрүп калышы мүмкүн дейт ал.

19-июнга карата өлкө боюнча коронавирус 2789 адамга жукту. Ал эми COVID-19дун бир сутка ичинде катталган эң жогорку көрсөткүчү 19-июнда катталды — 132. Ал эми Жалал-Абад облусунда өпкө илдетине 206 киши чалдыгып, анын 164ү сакайды. Ошондой эле эки киши коронавирустан көз жумду.