Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдон коронавирус табылды

Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев калаа мэр Азиз Суракматов коронавируска чалдыкканын билдирди. Анын айтымында, Суракматовдун акыркы үч күндөн бери дене табы көтөрүлүп обочодо болгон. Учурда ал иштөөнү үй шартында улантып жатат.

«Урматту достор, калаа башчыбыз оору жуктуруп алды. Анализи кайра текшергенде чыгып калды. Мэрибиздин анализин кайра дагы бир жолу текшеребиз. Маска кийгиле, аралыкты сактагыла, колду жууп тургула», — деп жазды Түлөбаев фейсбук баракчасында.

Ал өзүнөн өпкөнү жабыркаткан оору аныкталбаганын белгиледи. Ошондой эле Түлөбаев шаардык кызматтар жана түзүмдөр штаттык режимде иштеп жатышканын кошумчалады.

Суракматовдон Covid-19 табылганын анын кеңешчиси Гуля Алмамбетова да тастыктады.

Кечээ күнү коронавирус Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден жана Ош облусунун Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден аныкталды. Айтибаев бир апта мурда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова, Жээнбеков менен жолукканга чейин акимдин коронавируска тапшырган анализи терс чыккан деп белгилейт.