Экс-президент Роза Отунбаева аялдарга карата зомбулук көбөйгөндүгүнөн улам президент Сооронбай Жээнбеков менен парламенттин депутаттарына кайрылуу жасады. «Клооп» анын билдирүүсүнүн урунттуу учурларын тизмектеди.
Кыргызстандын аялдары үчүн 8-март «эки жүздүүлүктүн, калптын жана алдамчылыктын» күнүнө айланып калды. Канча жылдан бери бирди айтып, жыл бою башканы кылышат. Ошол күнү гүл, шампан, шоколад алып келип берип, бирок эртеси күндөн баштап көнүп калгандай эле басынтышат, жек көрүшөт, утур-утур сабашат.
Бул жылы 8-мартта аялдардын укугу үчүн тынчтык митингинин 50гө чукул катышуучусу кармалып, милицияда бир нече саат отурушкан. Милиция аларды бир түн да кармоого эч кандай юридикалкы негиз жок экенин түшүнүп, коомчулуктун басымынын алдында аларды коё берүүгө аргасыз болушкан. Мындан тышкары, ушундай укуктук эмес аракеттер үчүн керек болсо РИИБдин, ШИИБдин башчылары, ички иштер министри да жаза алган эмес.
Биз - Бурулайдын өлкөсү аялдарды коргоо үчүн кризистик борборлор өтө тартыш болгон өлкөбүз. Өзүн коргойм деп жатып күйөөлөрүн өлтүрүп алган көп аялдар өлкөдөгү жалгыз аялдардын колониясында отурат. Кыргызстанда никеге тургандардын жалпы санынан 10%га чейинкиси — жашы жете электер менен никеге тургандар. 20%дан көбү ала качуу жолу менен турмуш кургандар. Талас облусунда бул көрсөткүч 60%га жетет. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 6 145 учуру катталган. Кордогон күйөөлөрү 5 учурдун төртөөсүндө мас абалында сабашат. 62 аял киши колдуу болгон, 288 аял таяк жеп, ар кандай жаракат алган. Пандемия маалында аялдарга карата зомбулук кыйла көбөйгөн.
Күйөөлөрдүн зөөкүрлүгү бардыгынын үрөйүн учурду. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы окуя чоң резонанс жаратты. Ага чейин Баткенде күйөөсүнүн аялына жасаган зөөкүрлүгү бардыгынын төбө чачын тик тургузган. Ысык-Көлдө мурдагы аялын тирүүлөй өрттөгөнү оозду ачырса, Нарын облусунда күйөөсү кыштын ызгаарында соода күркөсүн жылчыксыз бекитип аялын атып салган. Бир зөөкүрлүктөн оозуң ачылып өзүңө келгиче башкасы тууралуу маалымат каптай баштайт. COVID-19 пандемиясы учурунда баарыбыз убактылуу камалып отурдук, бирок мунун бардыгы адамкерчиликти жоготууга алып барбашы керек.
Өзгөрүүлөр анчейин байкалган жок. Жашоо өзү көрсөткөндөй, калктын патриархалдык жүрүм-турумунан арылуу чакырыктары даректерине жетпей жатат; үрөй учурган окуялардан кийинки өзгөрүүлөр менен көрүлгөн чаралар анчейин байкалган жок; айрым мыйзамдар бар, бирок алардан майнап чыкпайт. Калың элдин аң-сезими бийликтин же диндин өкүлдөрү болобу эркек кадрлар тарабынан, стереотиптер жана догмалар менен катуу көзөмөлдөнүп жатат: «Эрди катын урушат, эси кеткен болушат», «Койлуу катын куйрук жейт, эрлуу катын таяк жейт», «Катынды башынан, баланы жашынан», «Аялдын чачы узун, акылы кыска» деген макал-лакаптар буга күбө.
Парламенттик шайлоо жакындап келе жаткандыктан аялдарды дискриминациялоо маселеси унутта калгандай. Экономикалык абал өтө начар. Саясий партиялар шайлоого даярданып жаткандыктан алар үйү өрттөнүп жатса дагы бул маселе боюнча азыр ооз ачпайт. Аялдарды дискриминациялоо маселеси алардын пикири боюнча шайлоодо негизги маселе болбойт жана болгон да эмес. Алар эреже боюнча бул көйгөйдү катардагы күнүмдүк маселе катары эсептешет. Аялдардын жана жаштардын Кыргызстандын өнүгүшүндөгү ролунун маанилүүгү жана орду көрүнө баштаганда келерки он жылдыкта бардыгы өлкөнүн саясий күн тартибин өнүктүрүү жөнүндө олуттуу ойлоно башташы керек болот.
Шайлоо болот деп шылтоолобой зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүү үчүн аракеттерди көрүү керек. Албетте, биз күзүндө парламенттик шайлоону таза, адилет жана тынч өткөрүп алышыбыз керек. Бирок, бийлик азыр коомдун курч маселелерин чечүү үчүн бир катар кечиктирилгис чараларды тезинен кабыл алышы кажет. Бизде Кыргызстанда аялдарга каршы зомбулуктун бардык учурлары, бийликтин аларга болгон реакциясы - аялдардын чыдамынын түгөнүшүнө алып келди. Аларды «Жетишет!» «Кыз-келиндердин өмүрү баалуу» деп чакырык жасоого жеткиришти.
Роза Отунбаева сунуштап жаткан чаралар:
- Кыргыз коомундагы аялды кемсинткен фактыларга баа берүү;
- Пандемия башталгандан бери болгон фактыларга толук баа берүү боюнча өкмөттү ыкчам жана узак мөөнөттүү чараларды көрүүгө мобилизациялоо;
- Укук коргоо органдары ар бир кылмышты дыкат териштирип, чара көрүшү керек.
ТЕМА БОЮНЧА: «Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт