Жалал-Абад мэриясынын үч кызматкеринен коронавирус аныкталды

Жалал-Абад мэриясы. Сүрөт: Азамат Жээнбековдун фейсбук баракчасынан алынды

Жалал-Абад шаарынын мэриясы 22-июндан тарта карантинге жабылып, кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтүштү. Бул боюнча «Клоопко» мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдирди.

«Өткөн аптанын аягында COVID-19 илдетине карата жалпы 50 кызматкер анализ тапшырган. Анын ичинен 3 кызматкерден коронавирус аныкталды. Аларда оору симптомсуз өтүп жаткандыктан үй шартында дарыланууда», — деди Жээнбеков.

Буга чейин 18-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден коронавирус аныкталган. Буга байланыштуу мэрияда иштеген бардык кызматкерлерден анализ алынгандыгы маалымдалган. Мэр 19-июндан баштап үй шартында дарыланып жатат.

22-июнга карата өлкөдө дагы 205 адамдан коронавирус табылды. Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны 3356га жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда 233 киши өпкө илдетин жуктуруп, 166 киши COVID-19дан айыкты. Ал эми аталган облуста үч киши коронавирустан көз жумду.