Чечмедеги чыр: келтирилген зыян толук төлөнүп бериле элек — тургундар нааразы

Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары чек ара чырында келтирилген зыяндын орду толтурулбай жатканына нараазы болушууда. Бул тууралуу алар «Турмуш» басылмасына курган маегинде билдиришкен.

Алардын айтымында, жаңжал чыккан күндөн үч аптадан ашык убакыт өтсө да материалдык чыгымдар эсептелип бүтө элек. Ошондой эле, тургундар аталган маселе боюнча жергиликтүү бийлик канааттандыраарлык жооп бербей жатканын белгилешкен.

«Биз 15 күндөй күттүк. Аким да, губернатор да келбеди. Өзүбүз бардык, бирок так жооп ала алган жокпуз. “Биз деле билбейбиз, жогору жактан каралат” деп жатышат. Бирок эч ким келген жок, мамлекеттен да акча бөлүнгөн жок», – деген тургундардын бири.

Ал чыккан чырда эки бөлмөлүү үйү жана сарайы өрттөнүп кеткенин, турак жай атасынан мурас катары калганын айтып кейиген.

«Баарын эсептегенде бир миллиондон ашык зыян тарттым. 10 жылдык мээнет күйүп жок болду», – деген ал.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова «Клоопко» учурда Чечме айылындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжал боюнча териштирүү аяктай электигин билдирди.

«Чечме айылында болгон окуя боюнча азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Атайын түзүлгөн комиссия дагы иш алып барууда. Кимге кандай жардам берүү же чыгымдардын ордун толтуруу боюнча тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен тийиштүү чечимдер кабыл алынат», – деди басма сөз катчы.

Бердигулова материалдык чыгымдар качан эсептелип бүтөөрүн так айта алган жок.

Ал ортодо 24-июнда аталган аймакта Кыргызстандын Баткен багыты боюнча жана Өзбекстандын Чыгыш багыты боюнча чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Ага Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунун ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары да катышып, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги булактын айланасында бир күн мурун өзбек тарап жүргүзгөн топосъемка талкууланды.

Анда кыргыз тарап тиешелүү органдардын макулдугусуз Чечме аймагында мындай иш-аракеттерди өткөрүү туура эмес экенин айткан. Өзбек тарап келтирилген аргументтерге макулдугун билдирип, натыйжада кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жүргүзүлчү иштерди тараптар бири-бирине алдын ала кабарлап, макулдашаары тууралуу чечим кабыл алынган.

Чек арадагы чыр

31-майда Кыргызстандын Чечме айылынын жана Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда такталбаган аймакта жайгашкан Чечме булагын талашуудан улам чыр чыккан. Натыйжада 25 кыргызстандык ар кандай жаракат алган — алардын жыйырма бирине медициналык жардам көрсөтүлүп үйдө дарыланууга чыгарылган.

Ал эми Өзбекстандын өкмөтү чек арадагы жаңжалда Сох анклавынын 187 тургуну жабыркаганын кабарлаган. Алардын 15и ооруканага жеткирилип, беш жаран жандандыруу бөлүмүнө которулган.

Чырдын эртеси күнү ошол учурдагы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткенге барып Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле, эки өлкөнүн президенттери — Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, мындан ары жаңжалдарды болтурбоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү макулдашкан. Шавкат Мирзиёев «Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилелерге таасирин тийгизбеши керек» экенин белгилеген.