Кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжалдан Сох анклавынын 187 тургуну жабыркады

Өзбекстандагы Сох аймактык ооруканасы. Сүрөт: «Озодлик»

31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжалдан улам Өзбекстандын Сох анклавынын 187 тургуну жарадар болду — алардын кээ бири октон жаракат алган. Бул тууралуу «Озодлик» билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын 15 оор абалда Фергана облусттук ооруканасына вертолет аркылуу жеткирилген — алардын ичинде бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми Кыргызстандан 25 жаран ар кандай жаракаттарды алган, алардын баары Айдаркен шаардык ооруканага түшкөн. Жабыркаган кыргызстандыктардын экөөсү реанимацияда.

Чыр 31-майда эки өлкөнүн ортосунда такталбаган аймакта жайгашкан Чечме булагыны талашуудан улам пайда болгон. Кадамжай районунун Чечме айылынын жана Өзбекстандын Сох анклавынын тургундарынын ортосундагы кайым айтышуу таш ыргытууга айланган.

Натыйжада эки өлкөнүн тургундарынын үйлөрү өрттөнүп, кээ бир кыргызстандыктардын унаалары талкаланган.

Окуянын эртеси күнү вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Учурда чек арадагы абал «жөнгө салынды».