Депутат Бекешев Асылбаеванын «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамы тууралуу айтып берди

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев демилгелер боюнча сабатсыздыкты жоюу тууралуу кезектеги видеосун чыгарды. Ал бул жолу Гүлшат Асылбаеванын «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору тууралуу айтып берди.

Бекешев түшүндүрүп бергендей, эгер мыйзам күчүнө кирсе, анда маданият министрлиги сотко кайрылбастан эле колдонуучулардан же сайт ээлеринен тигил же бул маалыматты өчүрүп коюуну сурай алат.

«Эгер сиз макул болбосоңуз, анда ал сотко же провайдерлерге кайрыла алат жана алар өчүрүүгө аргасыз болушат», — деп айтып берди депутат.

Ал конституцияга ылайык, мындай мыйзамдар цензура болуп саналаарын жана Кыргызстанда цензурага тыюу салынганын кошумчалады.

«Эгер фейк аккаунттан жазсаңар, аны дагы өчүрүшөт. Бирок мен фейк же фейк эмес экенин кантип аныкташаарын түшүнбөй турам», — деди Бекешев.

Аталган мыйзам долбоору парламенттин комитеттеринде үч окууда жактырылды, эми аны 25-июнда парламенттин депутаттары пленардык жыйында карап чыгышы керек. Аны дароо эки окууда жактырышы ыктымал деген мүмкүнчүлүк бар, андан кийин ал күчүнө кириши үчүн ага президенттин колу гана керек болот.

Юристтер жана жарандык коом бул мыйзам долбоору мамлекет тарабынан интернеттеги цензурага алып келет жана жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укуктарын бузат деп эсептешет.

Бул мыйзам долбоору эмнени көзөмөлдөйт?

Асылбаеванын ою боюнча, аталган мыйзам долбоору фейк аккаунттарга каршы күрөшүүгө жана эгер бирөө-жарым интернетте башка адам жөнүндө жалган маалымат таратып жатса, анын ар-намысы менен кадыр-баркын коргоого жардам берет.

Депутат айым жалган маалымат жарыялагандардын артынан байкоо салууну жана мындай маалымат андан ары жайылбашы керектиги боюнча чечим чыгаруу милдетин маданият министрлигине жүктөөнү сунуштайт. Маданият министрлигинин чечиминен кийин колдонуучу же сайттын ээси жалган маалымат таратууну токтотуш керек болот.

Эгер маданият министрлигинин чечими аткарылбай жатса, анда соттун чечими боюнча ал маалымат бөгөттөлүшү керек. Балким техникалык жактан да сайттарды толук бойдон бөгөттөш керек болот.

Мындан тышкары, интернеттин колдонуучулары өздөрүнүн чыныгы маалыматтарын көрсөтүшү керек болот, ал эми колдонуучулар жарыялаган маалыматтардын баары интернет-провайдерлерде жарым жыл бою сакталууга тийиш. Соттун сурамы боюнча провайдерлер бул маалыматты бериши керек.

Маалыматтарды сактоо үчүн кымбат жабдыктарды ким сатып алышы керектиги тууралуу мыйзам долбоорунда жазылган эмес. Мындан тышкары, мыйзамдын долбоорунун өзү орусиялык мыйзамдан көчүрүлүп алынган. Мыйзам долбоорунун айрым нормаларын техникалык жактан аткаруу кыйла оор.

ТЕМА БОЮНЧА: