Парламенттин депутаты интернет колдонуучуларынын үстүнөн көзөмөлдү күчөткүсү келет

Парламенттин депутаты Гүлшат Асылбаева интернетте жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, андан тышкары, провайдерлерди колдонуучулар тууралуу маалыматты сактоого милдеттендирүүнү сунуштады. Бул сүйлөмдөрдү камтыган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга чыгарылды.

Маалымкат-негиздемеде колдонуудагы мыйзамдар Интернет айдыңында маалымат жайылтууга байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салбагандыгы менен «шартталган» деп айтылат.

Асылбаева интернеттеги сайт же барактардын ээлерине жалган маалымат жайылтпоого тыюу салууну сунуштап, ошол эле кезде маалымат анык эместигине карата кантип текшериле турганын көрсөткөн эмес.

Мыйзам долбооруна ылайык, сайттын ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган бузууларды болтурбоо үчүн контентти модерация кылууга милдеттүү. Эгер өлкөдө тыюу салынган маалымат жайылтылган болсо, ага жеткиликти «токтоосуз түрдө» чектөөгө туура келет.

Ошондой эле Асылбаева сайт ээлерин өз аты-жөндөрүн жана инициалдарын, анын ичинде «юридикалык жактан маанилүү билдирмелерди» жөнөтүп туруу үчүн электрондук дарегин жайгаштырууга милдеттендиргиси келет. Автор бул жерде да кандай билдирмелер тууралуу кеп болуп жазган эмес.

Ошол эле учурда депутат мыйзамга ылайык каалагандай ыкма менен маалыматты эркин издөөгө, алууга, берүүгө жана жайылтууга укукту мыйзамдаштыргысы келет.

«Жалган же анык эмес сындуу белгилери бар» маалымат аныкталган учурда ыйгарым укуктуу маморган ага сотко чейинки чектөө жөнүндө чечим чыгара алат.

Мыйзам долбооруна ылайык, провайдер интернет түйүнүнүн колдонуучуларынын үнү менен жазылган маалыматтарын, жазуу тексттерин, сүрөттөрүн, добуштарын же башка электрондук маалыматтарын кабыл алуу, берүү, жеткирүү жана (же) иштеп чыгуу фактылары жөнүндө маалыматты жана ушул колдонуучулар жөнүндө маалыматты мындай иш-аракеттер аяктаган учурдан тартып алты ай ичинде сактап турууга милдеттүү. Мындан сырткары, колдонуучулардын өздөрү тууралуу да маалыматты сактоого туура келет.

Мыйзамда колдонуучлар тууралуу маалымат сакталышы керек болгон кымбат баалуу жабдууларды ким төлөй турганы да жазылган эмес.

Депутаттар өлкөдө интернетти көзөмөлдөө боюнча маселени буга чейин да көтөрүп келишкен. 2018-жылы учурдагы президенттин иниси Асылбек Жээнбеков маалымат жана Интернет айдыңына мониторинг жүргүзгөн атайын органды түзүүнү сунуштаган.