Жээнбеков «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды кабыл албашы керек — Журналисттерди коргоо комитети

Эл аралык укук коргоочу «Журналисттерди коргоо боюнча комитети» (CPJ) уюму президент Сооронбай Жээнбековду «Маалыматты манипуляцилоо жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды.

«Президент Сооронбай Жээнбеков эгер биз Кыргызстандын Борбор Азиядагы кошуналарынын арасында байкап аткан репрессияларга катышууну каалабаса бул мыйзамды кабыл албашы керек», — деди CPJнин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гульноза Саид.

Укук коргоочулар эгер бул мыйзам жактырыла турган болсо ал «өлкөдөгү прессанын эркиндигин чектөөгө карай олуттуу кадам болуп калат» деп эсептешет.

«Мыйзам долбоору азыркы формасында бийликти соттун буйругу жок эле “так эмес” же “жалган” деп эсептелген маалыматтарды камтыган веб-сайттарды бөгөттөгө же жабууга, анын ичинде жалган деп эсептелген социалдык тармактардагы аккаунттарды жабууга укуктуу кылып коёт», — деп айтылат билдирүүдө.

Асылбаеванын айтымында, аталган мыйзам долбоору фейк аккаунттарга каршы күрөшүүгө жардам берет. Документке ылайык, веб-сайттардын жана соцтармактардагы аккаунттардын ээлери каттоо учурунда чыныгы маалыматтарын көрсөтүүгө тийиш.

Мыйзам долбоору интернет провайдерлерден колдонуучулардын маалыматтарын, анын ичинде сүрөт, аудио жана видеолорун алты ай бою сактоону жана сурам боюнча бул маалыматтарды мамлекеттик органдарга бөлүшүүнү талап кылат. Бул кантип ишке ашаары белгисиз.

Ошондой эле укук коргоочулао мыйзам долбоорунун текстинде «жалган» же «манипуляциянын» аныктамасы жоктугун, ошондой эле веб-сайттарды же аккаунттарды бөгөттөө же жабуунун механизми түшүнүксүз экенин билдиришүүдө.

«Кыргызстан сунуштап жаткан мыйзам долбоорунун аныксыз мүнөзү журналисттер үчүн белгисиздиктин атмосферасын түзөөрү жана өз-өздөрүн цензурага ала башташын шарттай турганы шексиз», — деди Гульноза Саид.

Парламент 25-июнда кечинде «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда жактырды. 89 депутаттын ичинен 10у гана мыйзам долбооруна каршы добуш берди. Мыйзам долбоорун талкуулоо Жогорку Кеңештин алдындагы митинг менен коштолду — активисттер Асылбаева документин чакыртып, мандатын тапшыруусун талап кылышкан.

Жергиликтүү укук коргоо уюмдары да мыйзам долбооруна каршы чыгышты. «Адилет» укуктук клиникасы учурдагы мыйзамдар так эмес маалыматтар жөнүндө арыздарды кароо үчүн сотторго жетиштүү эле каражаттарды берет деп эсептейт. «Интернет саясаттын жарандык демилгеси» коомдук фонду (ИСЖД КФ) өз талдоосунда мыйзам долбоору адам укугун жана Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин бузат деп билдирет.