Парламент күзгө чейин каникулга кетти

Жогорку Кеңештин тыныгуу алдындагы акыркы жыйыны 30-июнда өттү. Ал жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов жана өкмөттүн мүчөлөрү президенттин катышуусунда ант беришти.

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков бул чакырылыштын жетинчи сессиясынын жабык деп жарыялады. Бул президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сөзүн жыйынтыктаары менен болду. Президент өз сөзүндө коронавирустун пандемиясы шартында экономикалык кырдаал оор болуп атканына байланыштуу бийлик азырынча карантин чаралары менен чектөөлөрдү киргизбесин айтты.

«Урматтуу депутаттар, сөзүмдүн аягында президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына, өкмөткө, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, эл аралык өнөктөштөргө жигердүү кызматташкандыктары үчүн терең ыраазычылык билдирем. Урматтуу депутаттар, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын жетинчи сессиясын жабык деп жарыялайм», — деди спикер.

Эми Жогорку Кеңеш күзгө чейин созулган каникулга тарайт. Адатта депутаттар эки ай бою шайлоочулар менен аймактарда иштешет, бирок өлкөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу алар бул жылы да аймактарды кыдырып, шайлоочулары менен жолугуп-жолугушпаары белгисиз.

Депутаттар жумушка сентябрда кайтып келишет, ошону менен бул чакырылыштын октябрь айына дайындалган шайлоого чейин болжолдуу бир ай гана убактысы калат.

Соңку апталарда Жогорку Кеңеште күн тартибине көптөгөн суроолор коюлуп, ал эле эмес регламент боюнча керектүү мөөнөттөрү сакталбаган мыйзам долбоорлору да жигердүү кабыл алынды.

25-июнда парламентарийлер каникулга кетээр алдында пландалган акыркы жыйынын өткөрүшүп, анда биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда 63 мыйзам долбоору каралып кабыл алынды.

Алардын арасында коомдун бүйүрүн кызыткан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору бар. Бул мыйзам долбоору интернетте цензурага алып келиши мүмкүн. Аны депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген.

Кызуу талкуу жараткан дагы бир мыйзам долбоору — бул коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөр. Ал бейөкмөт уюмдарды каржылоо булактарын жана чыгымдар беренелерин ачыктоого милдеттендирет.

Коомдо резонанс жараткан мыйзам долбоорлору тууралуу кененирээк төмөндөгү шилтемелерден окуңуз: