«Ала-Арча» көрүстөнүндө депутат Чыныбай Турсунбеков жерге берилүүдө. Сүрөт: Ибраим Нуракун уулу

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбековдун сөөгү 7-июлда «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Саясатчы пневмонияга чалдыгып, Улуттук госпиталда каза болгон.

Өткөн аптада Турсунбековдун абалы оорлошуп, ал жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган болчу. Бирок эки күн мурда парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу анын абалы жакшырганын белгилеген.

Басма сөз катчы Турсунбековду акыркы сапарга узатуу зыйнатына спикер Дастан Жумабеков катышканын кабарлады. Ал президенттин жана депуттардын атынан анын жакындарына көңүл айтты.

«Кыргыз эли оор жоготууга учурады […] Кабыргабыз кайышып турат, кошуңуз Чыныбай ага. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун», — деп жазды фейсбук баракчасында Нуракун уулу.

Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз улуттук университетинен филология факультетин артыкчылык менен бүтүргөн. Филология илимдеринин кандидаты илимий даражасы бар. 2004-жылы ТИМдин дипломатиялык академиясын аяктаган.

Кыргызстандагы экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн «Даңк» медалы 2003-жылы менен сыйланган.

2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына депутат, парламенттеги КСДП фракциясынын лидери болгон. 2015-жылы кайрадан Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында депутат болгон. 2016-2018-жылдары парламенттин спикер болуп эмгектенген.

Июнь айында Жогорку Кеңештин 5 депутаты коронавирус жуктурганы бегилүү болгон — алардын арасында Тазабек Икрамов, Экмат Байпакбаев, Бакыт Төрөбаев жана Бейшеналы Нурдинов бар. Бешинчи депутат ким экени белгисиз.

Коронавирус буга чейин Ибраим Нуракун өзүндө да тастыкталган — ал тогуз күндөн кийин айыгып, ооруканадан чыгарылган.