Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы коронавирустан айыкты

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу 27-июнда коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Нуракун уулу өзүнүн фейсбук баракчасында кабарлады.

«Урматтуу туугандар, тогуз күн дегенде Кызыр экөөбүз (Нуракун уулу менен бирге даарыланып жаткан бейтап — редакция) Токмоктогу оорукана, андагы алтын врачтардын жардамы менен ковидди жеңип чыктык. Орунду ээлебей мындан ары үйүмө барып жатмак болдум, доктурлар азыр эле уруксат берди», — деп жазды басма сөз катчы.

Нуракун уулу коронавирусту жуктуруп алганы 19-июнда белгилүү болду. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппараттын кызматкерлери COVID-19га анализ тапшырышкан.

Эртеси күнү COVID-19 «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Бейшеналы Нурдиновдон аныкталды.

Ал эми акыркы жума ичи коронавирус дагы төрт депутат жана Жогорку Кеңештин аппаратынын төрт кызматкеринен аныкталды.

Мындан сырткары COVID-19га президенттик аппараттын 17 кызматкери жана өкмөт аппаратынын 26 кыматкери чалдыккан — алардын арасында президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев жана премьер-министрдин кеңешчиси Артём Новиков да бар.