Парламенттин дагы 2 депутатынан коронавирус тастыкталды

Сүрөт Жогорку Кеңештин расмий сайтынан алынды

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу 25-июнда дагы эки депутаттан жана парламенттик аппараттын бир кызматкеринен коронавирус аныкталганын билдирди. Ошондой эле ал ПЦР анализ тапшыруу уланып жатканын белгиледи.

Буга чейин Covid-19 эки депутаттан жана парламенттик аппараттын үч кызматкеринен табылган. Мындан тышкары Нуракун уулунун да коронавируска тапшырган анализи оң жыйынтык көрсөткөн.

Басма сөз катчы өпкөнү жабыркаткан илдетти жуктуруп алган эл өкүлдөрүнүн аты-жөнүн ачыктаган жок.

Ал эми саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-июндагы брифингде Ак үйдү карантинге жабуу маселесин пленардык отурумда эпидемиологдор менен бирге атайын комиссия карай турганын айтты.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3954кө жетти. Илдеттен 43 киши каза болуп, 2112 бейтап айыгып үйүнө чыгарылган. Өлкө боюнча коронавирус эң көп Бишкек шаарында катталды — 1447 учур.