Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6-июлда пневмониядан каза болду. Анын сөөгү эртеси күнү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Турсунбеков бир гана саясатчы эмес, ишкер жана акын дагы болгон. Ошол эле маалда өзүнүн жазган ырларын жыйнак кылып чыгарган. 2015-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болуп кызмат өтөп, парламенттин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон.

Чыныбай Турсунбековдун кесиптештери жана санаалаштары аны эскеришүүдө. «Клооп» айрым депутаттарга байланышып, экс-төрага тууралуу пикирлерин билип, чогултту.

«Жогору жактын буйругун сокур сезим менен аткарбаган төрага»

Депутат Садык Шер-Нияз Турсунбеков менен бирге жазуучуларды колдойбуз деген аруу тилеги ишке ашпай калганын айтып кейиди.

«Экөөбүз жазуучуларды көтөрүү боюнча бир долбоор баштайлы деп жүрдүк эле. Бул боюнча оюбуз дал келчү. Бүгүнкү күнү жазуучулардын абалы оор болуп жатпайбы, бул киши ошону түшүнчү. Мен “Чыныбай ага, сиз эле аракет кылсаңыз жазуучуларды көтөрүп алабыз” деп калчу элем. Жазуучуларды, адабиятты кандай кылып көтөрсө болот деп анын механизмдерин талкуулар элек. Тилекке каршы ошол ойлору ишке ашпай калды», — деди ал.

Шер-Нияз калемгерлердин чыгармаларын электрондук китеп кылып чыгаруу боюнча пландар бар деп белгиледи.

Сүрөт: "Азаттык".  Чыныбай Турсунбеков 2016-жылы 27-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

Андан сырткары Турсунбеков төрагалыкты ар-намыстуулук менен аткарганын, жогору жактан болгон буйруктарды жагалданып, сокур сезим менен аткарбаганына токтолду. Шер-Нияз ошондой эле, Турсунбеков айтылган сын-пикирди татыктуу көтөрүп, аларга оор басырыктуу мамиле менен жооп кылганын белгиледи.

«Чыныбай ага, эч убакта ачууга алдырчу эмес, көрөңгөсү бийик болчу. Жыйынды дайыма дипломатиялык жол менен алып барганы мага аябай жакчу. Чыныгы төраганын жумушун жасачу. Кээде бийликтин кысымы менен атайын буйруктар түшүп калганын билип турчубуз. Ошол буйруктарды сокур сезим менен аткарбай жумушун демократиялуу жол менен аткарчу», — деди ал.

Садык Шер-Нияз Чыныбай Турсунбековдун өзүнө жарашкан жаркын күлкүсү дайыма эсинде каларын кошумчалады.

«Акындык өнөрү да бар эле»

Депутат Эльвира Сурабалдиева «Клоопко» берген эскерүүсүндө Чыныбай Турсунбековду бир гана саясатчы эмес, акын катары дагы тааныганын айтып берди. Ал Турсунбековду 2005-жылдан бери тааныйт. Турсунбеков анын эсинде жөнөкөй, ачык-айрым, тамашакөй киши катары каларын белгиледи. Андан сырткары акындык өнөрү ал үчүн чоң ачылыш болгонуна токтолду.

«Парламентте бизди таң калдырып ыр окуганы эсимде. Ыр жазарын ошол жактан билдим. Мындан тышкары интрига дегендерден алыс эле. Менин жеке баамымда ушундай ыплас нерселерден четте турчу, аралашчу эмес», — деп эскерди ал.

Сурабалдиева Чыныбай Турсунбеков төрага жана парламенттеги КСДП фракциясынын лидери болуп турганда акыйкаттыкты карманып, бир тараптын гана таламын талашпаганын белгиледи. Ошондой эле, бир гана парламентте эмес, эл аралык деңгээлде дагы сый-урматка татыганын айтты. Анын күтүүсүз дүйнө салышы парламент үчүн, бизнес үчүн чоң жоготуу болгонун кошумчалады.

2017-жылы ноябрь айында парламенттин жыйыны учурунда калааны каптаган кара түтүн тууралуу ырын дагы окуп берген. Анда көк түтүндөн улам адамдар дем ала албай кыйналып, өпкөсү ооруп жатканы айтылган.

«Өф – өф түтүн, өф түтүн, өз шаарыңан көч бүтүн,

Өлүм алып келем деп, өжөрлөнөт көк түтүн.

ТЭЦтен чыгат көк түтүн, мештен чыгат көк түтүн,

Машинелер чубаса, чубайт арттан көк түтүн.

Өф – өф түтүн, өф түтүн, өлүп кеткир көк түтүн,

Өрдөп мурун-жүлүндү, өпкөбүзгө өч бүтүн.

Күнү каптайт калааны, түнү каптайт калааны,

Түйшүк кылып алдык биз, түтүн деген балааны».

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Чыныбай Турсунбеков учурашканда кээде төрт сап ыр окуп амандашканын эскерди.

«Жакшы адам элеңиз. Залда баратып учурашканча кээде төрт сап ыр да окуп коёр элеңиз. Саясатчы катары укмуш дипломат элеңиз. Коалиция куралбай жатканда, курап…», — деп жазды ал.

60ка жетпей калган өмүр

Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин Чыныбай Турсунбековду 60 жылдык тоюна жетпей о дүйнө салганын арман кылды. Быйыл 15-октябрда Чыныбай Турсунбеков 60 жашка чыкмак.

«Чыке, өз дарегиңе карата коомчулук өкүлдөрү ак дилинен байма-бай айтып жаткан жакшы сөздөрдү күзүндө, 60 жылдык сереге өтүп жатканыңда өзүң төрдө отуруп уксаң, анан кылым ашкан жаштын бакыбаттык карылыгын байбичең менен бирге баштан кечирсең эмне!..» — деп жазды Чоротегин.

Депутат Кожобек Рыспаев жаман оору дүйнө жүзүнө жайылып, анын ичинде кыргыз элин дагы түйшөлтүп жатканын белгиледи. Анын ичинде аталган оору Чыныбай Турсунбековду дагы алып тынганына өкүндү. Рыспаев Турсунбеков кеменгер, токтоо, таланттуу, бир мүнөз киши болгонун билдирди.

«Жаткан жериң жайлуу болсун, Чыкем кош. Ушул оорудан кыргыз эли Алла-Тааланын шыпаасы менен кутулганга аракет кылалы, эрежелерди сактайлы», — деп кыргызстандыктарды белгиленген санитардык нормаларды сактоого чакырды.

Чыныбай Турсунбековдун мезгилсиз дүйнө салганы Кыргызстан үчүн оор жоготуу болгонун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев дагы жазды. Ал маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына көңүл айтуу менен бирге «Социал-демократтар» партиясынын съездинде Чыныбай Турсунбеков атындагы сыйлык уюштуруу чечими кабыл алынарын билдирди. Аталган сыйлык партияга мүчө болуп, өнөр-жай тармагында татыктуу иш алып баргандарга берилет.

Пандемияда каза болгон экинчи экс-спикер

Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында төрөлгөн. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. 2002-жылы Бишкек шаарындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык диплому менен аяктаган. Андан сырткары Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү болуп да эмгектенген. 1993-1996-жылдары «Азаттык» радиосунун Түркиядагы сырт кабарчысы болгон.

1997-жылы ал Кыргызстанга кайтып келип, «Акун» фирмасын негиздеген. Экономиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн 2003-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. Маркумдан артында эки кыз, бир уулу калды.

Турсунбеков өлкөнү каптаган сыркоодон каза болгон экинчи экс-спикер. Буга чейин мурдагы төрага Мукар Чолпонбаев коронавирустан каза болгон. Март айынан бери 8-июлга дейре пневмониядан бардыгы болуп 268 киши каза болду. Ал эми коронавирус 112 кишинин өмүрүн алды.