Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу пневмониядан улам Улуттук госпиталда 6-июлда кечинде каза болгонун Kaktus.media басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, ал бир нече күндөн бери өпкөнү жасалма дем алдыруучу [ИВЛ] аппаратта жаткан. Анын абалы жакшырып калганын буга чейин Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирген болчу. Ал ошондой эле, депутаттын коронавируска тапшырган ПЧР-анализи терс жыйынтык көрсөткөнүн маалымдаган.

Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз улуттук университетинен филология факультетин артыкчылык менен бүтүргөн. Филология илимдеринин кандидаты илимий даражасы бар. 2004-жылы ТИМдин дипломатиялык академиясын аяктаган.

2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына депутат, парламенттеги КСДП фракциясынын лидери болгон. 2015-жылы кайрадан Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында депутат болгон. 2016-2018-жылдары парламенттин спикер болуп эмгектенген.

Июнь айында Жогорку Кеңештин 5 депутаты коронавирус жуктурганы бегилүү болгон — алардын арасында Тазабек Икрамов, Экмат Байпакбаев, Бакыт Төрөбаев жана Бейшеналы Нурдинов бар. Бешинчи депутат ким экени белгисиз.

Коронавирус буга чейин Ибраим Нуракун өзүндө да тастыкталган — ал тогуз күндөн кийин айыгып, ооруканадан чыгарылган.