БШК: Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип 44 партия арыз тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышкысы келген 44 саясий партиядан кабарлама алды. БШК партиялардан шайлоого катышуу боюнча билдирмелерди кабыл алууну 8-июлда токтотту.

Шайлоо өнөктүгүнө катышууну пландап жаткан партиялардын тизмесинде баарына белгилүү КСДП жана «Ата Мекен», ошондой эле жаңы «Социал-демократтар» жана «Чоң-Казат» партиялары бар. Ошондой эле президенттин иниси Асылбек Жээнбековго байланыштырып жатышкан «Биримдик» жана Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштырышкан «Мекеним Кыргызстан» партиялары да шайлоого барууну пландап жатышат.

Бирок, БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматованын айтымында, шайлоого чын эле катыша турган партиялардын саны кыскарышы ыктымал.

«44 партия [шайлоого катышуу тууралуу] кабарлама жөнөтүштү, бирок алардын парламентке келиши үчүн тоскоолдуктар бар — бул 5 млн сомдук шайлоо күрөөсү. Алар бардык документтерди алып келишкенден кийин БШК аларды текшерет, ошондо партиялар шайлоо күрөөсүн төлөшү керек болот», — деп түшүндүрүп берид Абдрахматова.

Анын айтымында, 20-августка чейин ар бир партия съезд өткөрүп, өздөрүнүн 120 талапкерден турган тизмесин түзүп, ал эми 24-августка чейин тизмелерди БШКга тапшырууга үлгүрүшү керек. Ошондой эле ал партияларды электен өткөрүү — кадимки саясий процесс экенин кошумчалады.

«Партиялар катышуу ниетин билдиришти, бирок аларда шайлоого катышуу үчүн ресурстары бар экени факт эмес», — деди ал.

Пандемия шартында өтө турган шайлоо

Президент 3-июлда парламенттик шайлоону 2020-жылдын 4-октябрына дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Өкмөткө БШК бекитип бере турган смета боюнча шайлоо өткөрүүгө каражат бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде аткаруу бийлиги санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылышы керек.

Ошол эле учурда БШКнын айрым мүчөлөрү коронавирус пандемиясынын маалында шайлоо өткөрүү кооптуу экенине макул.

«Пандемия учурунда шайлоону өткөрүүгө мен каршымын. Президент пандемияны форс-мажор катары баалап, жоопкерчиликти өзүнө алып шайлоо процесстерин токтотушу керек. Ал бул аракетти “аргасыз зарылдык” абалында жасаган болот — бул жоопкерчиликти жокко чыгаруучу жагдай болуп эсептелинет», — деп ойлойт Осмоналиев.

Депутат Жанар Акаев да кесиптештерин кезексиз жыйынга чогулууга үндөп, ӨА режимин киргизүү жана шайлоону жылдыруу маселесин кароону сунуштады.

ТЕМА БОЮНЧА ОКУҢУЗ: