Бишкекте такси тез жардамды сүзүп, медиктердин унаасы оодарылып кетти

Кайгуул милициясы Чүй проспектиси жана Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде унаа кырсыгы катталганын бышыктады. Анда тез жардам унаасы менен такси сүзүшүп, медиктердин машинасы оодарылып кеткен.

Тез жардам унаасында бараткан медик жабыркаган. Бишкектин Тез жардам медицина борборунун реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов кырсык болгонун жана медайым жабыркап, ал жаракат алып ооруканага жаткырылганын бышыктады.

Видеодон такси светофордун кызыл белгисине өтүп бараткан тез жардам унаасын сүзгөнүн көрүүгө болот. Ошол эле учурда тез жардам унаасынын белги берген сигналдары иштеп турган — жол кыймыл эрежелери боюнча, тез жардам унаалары атайын сигналдарын күйгүзүп алып жолчырактын кызыл белгисине өтө алышат.

Мындан тышкары, Егор Борисов медиктер бара жаткан унааа Бишкектин тез жардам кызматына тиешелүү эместигин айтты.

Соңку учурларда тез жардам автоунаалары жол кырсыгына кабылган учурлар чанда кездешүүдө, көп учурда аларды жол кыймылынын башка катышуучулары бейтаптарга баратканда сүзүшөт.

18-июнда да ушундай эле унаа кырсыгы катталып, анда тез жардам унаасын оор жүк унаасы сүзгөн. Натыйжада фельдшер жана анын айдоочусу жабыркап ооруканага жаткырылган. Фельдшер реанимацияга түшүп калган.

Ал эми буга чейин, тагыраагы 25-апрелде, калаада дагы бир жеңил автоунаа тез жардамды сүзүп, чакырууга шашып бара жаткан тез жардам оодарылып кеткен.

Тез жардамда бара жаткан фельдшер менен айдоочу жеңил жарааттарды алып, айдоочунун баш мээси чайкалган.