Бишкекте КамАЗ тез жардам унаасы менен сүзүшүп, медиктердин бири реанимацияга түштү

Жол кырсыгы тартылган жердеги сүрөт жана видеого караганда, КамАЗ тез жардам унаасын сүзгөн — ал башка жердеги, Элебесов жана Щербаков көчөсүндө болгон жол кырсыгына шашылыш чакырууга бара жаткан.

Медиктер кабылган жол кырсыгы Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде саат 13:30 чамасында болуп, натыйжада тез жардамдагы үч медкызматкер менен айдоочу жабыркаган.

Тез жардамдын айдоочусу менен врачтар ар кандай даражадагы жарааттарды алып, алар Бишкектин травмотология жана ортопедия борборуна жеткирилген. Тез жардымдын фельдшерлеринин бири реанимацияда.

Жол кырсыгынын келип чыгуу жагдайларын милиция кызматкерлери аныктап жатат. Тез жардам унаасы өтө катуу жабыркап, анын алдыңкы жагы бырыйып талкаланып калган.