Тоо текени союп жеген Кара-Кулжанын тургундарына 100 миң сом айып салынды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ахмет Доган

Социалдык тармактарда 9-июлда Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнө келген тоо текелерди жергиликтүүлөр кармоого аракет жасап жатканы тартылган видео тараган.

Тасмада тургундардын бири «Атпайсыңарбы?!» деп айтканын угууга болот. Ошондой эле видеодогу адамдар жаныбарлар «кардан качып түшкөн» деп божомолдошкон. Ал эми бир нече атчан киши тоо текелердин артынан түшкөн.

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин өкүлү Касымбек Мурзабаев «Клоопко» видео Алайкуу өрөөнүндөгү Кан-Коргон айылында тартылганын билдирди.

«Айылдыктар тоо текенин бирөөсүн кармап, союп жеп алышкан. Арка, моюну менен кол жилиги гана калган экен», — деди Мурзабаев.

Мурзабаев ошол жерге барган мекеменин Кара-Кулжа району боюнча аңчы-адиси Жеңиш Бекташов тоо текени кимдер кармаганын аныктап, аларга 100 миң сом айыппул салганын маалымдады. Анын айтымында, айып төлөндү.

Мыйзамга ылайык, тоо текелерини өлтүрүп, жаныбарлар дүйнөсүнө келтирген зыян үчүн жарандарга болгону 100 миң сом айыппул салынат. Анткени алар Кыргызстандын Кызыл кибетине кирген эмес. Ал эми Кызыл китепке кирген жаныбарларды өлтүргөн жарандарга 1,5 млн сомго чейинки айыппул салынышы мүмкүн.

*Кызыл китеп – өзгөчө коргоо тартибин киргизип, андан ары башын көбөйтүү максатында белгиленген мыйзам тартиби аркылуу бекитилүүчү жоголуп бараткан же жоголуу алдында турган сейрек жаныбарлар тууралуу маалыматтардын жыйындысы.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары айрым жапайы жаныбарларды — алардын ичинде тоо теке да болгон — атууга (же өлтүрүүгө) 10 жылдык мораторий киргизүүнү сунуштаган. Бирок эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү бул демилгени колдогон жок.

Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана тоо чарба агенттигинин өкүлдөрү аңчылыкка тыюу салууга негиз жок жана мыйзамсыз атууга айыппулду 500 миң сомго жогорулатуу жетиштүү болот деген ойду билдиришкен.

Экологдор бул чечимди сынга алышып, Кыргызстан «жаратылышка орой мамиле жасап жатканын», анткени адамдар ач калгандан эмес, спорттук кызыгуудан улам аңчылык кылат деп билдиришкен.