Депутаттар жаныбарларды он жылга чейин атууга тыюу салууну четке кагышты

Парламенттарийлер 23-октябрда өткөн отурумда айрым жапай жаныбарларды атууга 10 жылга мораторий киргизүүнү кайрадан колдошкон жок. Аркар-кулжа, элик, теке, марал жана доңуздарга аңчылык кылууга дагы деле уруксат берилет.

Бул чечим ак илбирстин эл аралык күнү кабыл алынды. Аркар, тоо эчки — илбирстин негизги азыгы. Алар Кыргызстандын тоолорунда байырлап, коргоого алынган. Буларды атып жок кылуу жалгыз тамактануу чынжырын жок кылат.

Ошого карабастан Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана тоо чарба агенттигинин өкүлдөрү ак илбирстин саны акыркы жылдары 350дөн 400гө чейин өскөнүн белгилешет.

Алардын ою боюнча, аңчылыкка тыюу салууга негиз жок жана мыйзамсыз атууга айыппулду 500 миң сомго жогорулатуу жетиштүү болот. 2018-жылы жаныбарларды атууга лицензиянын баасын кымбаттатуу пландалган.

Бирок депутат Марлен Маматалиев аңчылыкка тыюу салуу, лицензиянын баасын кымбаттатууга караганда натыйжалуурак деп билдирген. Аны эл өкүлү Жанар Акаев колдоого алып, аңчылык чарбалардан экономикага оң таасир этип жатканын — миф деп атаган.

Буга карабастан, көпчүлүк депутаттар аталган жаныбарларды атууга уруксат берүүгө добуш беришкен.

Парламент мораторий киргизүүнү биринчи эле жолу четке каккан жок. Алгач аталган идея 2017-жылы көтөрүлгөн. Ал убакта депутаттар мындай чечим мамлекетке чыгым алып келет жана мыйзамсыз аңчылыкка жол ачат деп билдиришкен.

Экологдор бул чечимди сынга алышып, Кыргызстан «жаратылышка орой мамиле жасап жатканын», анткени адамдар ач калгандан эмес, спорттук кызыгуудан улам аңчылык кылат деп билдиришкен.