Митинг учурунда кармалган жаран аны милиция кызматкерлери сабап, муунтканын айтууда

Бишкекте Ак үйдүн алдында 13-июлда жарандык активисттер чогулуп, октябрь айында өтүүчү парламенттик шайлоону жылдырууну талап кылышкан. Бирок митинг башталганына жарым саат өтпөй ал жерге милиция кызматкерлери барып, алты кишини кармап кетишкен.

«Кактус» басылмасы митинг учурунда кармалган жарандардын бирин милиция кызматкерлери муунтуп жатканы тартылган тасмасын жарыялады.

Тасмада көрүнүп тургандай жаранды бир милиционер колунан кармап турса, экинчиси аны муунткан. Кийинчерээк башка кызматкер муунткан милиционерди «Чыкчы сен бул жактан» деп түртүп салган.

Башында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков тасмадагы жаран «өзүн жаман сезгендиктен» милиция кызматкерлери ага жардам берүүгө аракет жасашкан деп божомолдогон.

Бирок кийинчерээк жабырлануучу видеокайрылуу жасап, Биринчи май РИИБинин кызматкерлери аны сабаганын ачыктады.

«Биринчи май райондук [ички иштер башкармалыгынын] бешинчи ГОМдо таяк жеген мен болом. Ал жакта мен эч кандай эпилепсия [болгон] эмесмин, эч кандай оорукчан бала эмесмин. Спецназда кызмат өткөнмүн. Алар мени уруп жаткан — үч офицер биригип мени уруп жаткан», — деген ал.

Ошондой эле жаран «Кактус» басылмасына митингге катышпаганын айткан. Анын айтымында, ошол күнү ал борбордук аянтта жүргөндө бир нече адам качып баратканына күбө болгон. Ал эмне болуп жатканын билүү үчүн артты көздөй караганда, ошол замат аны да кармап кетишкен.

«Мен милицияга мени мыйзамсыз кармаганын түшүндүрүүгө дагы бир жолу аракет жасап, мени коюп жиберүүнү талап кылдым. Бирок алар менден сурак алып кийин коё бере турганын билдиришти. Ошол учурда ачуум келип, милиция кызматкерлерине [өз пикиримди] айттым. Ошондо мени кармап, муунтуп башташты», — деди жабырлануучу.

Ал ооруканага кайрылган соң дарыгерлер анын колунда жана мойнунда ар кандай көк-ала тактарды, ошондой эле ар кандай жаракаттарды каттаганын кошумчалады. Анын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларга эч кандай доосу жокутугун билдирип, тосмо арыз жазууну суранышкан. Бирок жабырлануучу милиционерлерге каршы арыз менен прокуратурага кайрылганы жатат.

«Өзүн агрессивдүү алып жүрдү, милиционерлерди сөктү»

Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы 13-июлда Ак үйдүн жанында митингге катышкан делген жаранды мекеменин имаратына алып келгенде, ал өзүн агрессивдүү алып жүргөнүн, кызматкерлерди сөккөнүн билдирди. Кийинчерээк ал тартип сакчыларды түртүп, бөлмөдөн чыгып кетүү аракет жасаган деп жазылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

«Бул аракеттер менен Ж.Н. (митинг учурунда кармалган жаран — редакция) милиционерлерди атайын провокация кылган. Милиция кызматкерлери ага түшүндүрмө берүүсүн мыйзамдуу түрдө талап кылганда ал баш тарткан. Мындан улам милиция кызматкерлери жаранды орундукка отургузуп, провокациялык, мыйзамсыз ээнбаш аракеттерин улантууга жол берген эмес», — деп түшүндүрүштү милициядан.

Бул окуя боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Митинг учурунда кармалган дагы эки жаран «бийликти басып алууга чакырык жасоого» шектелүүдө. Милициянын маалыматы боюнча, алар Whatsapp мессенжери аркылуу бийликти кулатуу үчүн 1-июлда акцияга чыгууга жана «депутаттарды кошуп Ак үйдү өрттөп салууга» чакырган.

Дагы митингдин катышуучусу фейсбукта 5G радиотолкундардын зыяны тууралуу жазып, аларды өртөөгө чакырган деп шектелүүдө. Бул фактыны милиция «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча КЖБРге катталды.