Жеринде жасалган түз эфирдин скриншоту

Бишкекте 13-июлда Ак үйдүн жанына парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча митингге чыгып, коронавируска каршы куран окугандардын айрымдарын милиция кармап кетти. Жеринде жасалган түз эфирге ылайык, нааразычылык акциясына 15-20дай киши чогулган.

24.kg бысылмасы кабарлагандай, катышуучулар техникаларын коюп үлгүргөнгө чейин акцияга чыккандардын алтоосун милиция кармап кетти.

Акцияны уюштуруучулардын бири Тилекмат Кудайберген уулу пандемияга байланыштуу шайлоону жылдыруу маселеси айтылып жатканын журналисттерге билдирди.

«Шайлоого 700 млн бөлүнүп жатат. Эл согуштагыдай абалда. Биз шайлоо болбосун деген жокпуз, аны жылдырууну сунуштап жатабыз. Шайлоодо элдин алдынсыздыгынан, кабыргасы кайышып турганынан пайдаланып 6-чакырылыштагы баягы эле коркок, жалтак, принциби жоктор кайра келип алуу коркунучу бар», — деди Кудайберген уулу.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясы кармалгандар боюнча бир аздан кийин билдирүү таратарын маалымдады.

Буга чейин WhatsApp группаларда 13-июлда Ала-Тоо аянтында Жогорку Кеңешке болчу шайлоону кийинкиге жылдырууну жана өлкөгө Өзгөчө абал киргизүүнү талап кылган митинг өтөрү боюнча билдирүүлөр тараган. Андан сырткары чогулгандар өкмөттөн шайлоого кете турчу каражатты элге медициналык жардам берүүгө жумшоону талап кылышмак.

Мурдараак депутат Жанар Акаев дагы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам парламенттик шайлоону жылдыруу сунушун берген. Акаев да шайлоого каралган каражатты коронавирус менен күрөшүүгө жумшоо туура болмок деген ойдо. Бул үчүн ал спикер Дастан Жумабековдун атына кат жазып, депутаттарды чукул жыйынга чогултууга чакырды.

Июнь айынын башында президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 4-октябрда шайлоо өткөрүү керектигин бекиткен мыйзамга кол койгон. Парламенттик шайлоо өткөрүүнү дайындоо боюнча мыйзамга кол коюлгандан кийин БШК түшүндүрүү иштери менен баннерлерге эле 21 млн сом сарптай турганы коомчулук тарабынан катуу сынга алынган. Депутат Жанар Акаевдин ырасташынча, Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүү үчүн бюджеттен 526 млн сом бөлүнгөн.

Тема боюнча окуңуз: