Шайлоого каршы митингде кармалган үч адам бийликти басып алууга чакырык жасоого шектелүүдө — ИИМ

ИИМдин басма сөз кызматы милиция 13-июлда парламенттик шайлоого каршы митингде бийликтү күч менен басып алууга ачык үндөгөндөрдү кармады деп билдирди.

ИИМдин маалыматы боюнча, учурда дароо үч факт боюнча иликтөө жүрүп жатат:

  • 16-июнда белгисиз адам WhatsApp аркылуу азыркы бийликти кулатуу үчүн 1-июлда митингге чыгууга чакырган билдирүү тараткан. Милиция бул фактты «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси боюнча каттады;
  • 17-июнда WhatsAppтагы «Чоң-Казат» тайпасынын мүчөсү «депутаттарды кошуп Ак үйдү өрттөп салууга» чакырган катын жайылткан. Бул факт да «Бийликтик күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси боюнча катталды;
  • 6-июлда фейсбуктун колдонуучусу «Жаңы вирус каптады» деген маалымат калтырып, ал жакта 5G радиотолкундардын зыяны тууралуу жазып, 5G радиотолкундарынын мунарасын өрттөп жаткан Кавказ элин мисал кылып, өлкө жетекчилигин сынга алган. Аталган факт «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча КЖБРге катталды.

Шектүүлөрдү табуу үчүн аталган факттардын бардыгы боюнча соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, тергөө жүргүзүлдү.

11-июлда ИИМдин ыкчам аракет көрүү кызматкерлери шектүү болушу мүмкүн адамдардын үчөөсү Ала-Тоо аянтында митингге катышат деген маалымат алышкан. Түшкөн маалымат боюнча милиция 13-июлда шектүүлөрдү кармаган.