Өкмөт айрым дары-дармектердин баасын жөнгө салат

Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздандыруу департаментинин директору Гүлмира Шакирова 15-июлда брифингде өлкөдө алгачкы жолу айрым дары-дармектердин түрүнө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилээрин кабарлады. Дарыларга болгон баанын чегин департамент өзү аныктап коёт.

«2019-жылы октябрда өкмөттүн дары-дармек каражаттарына болгон бааларды убактылуу жөнгө салуу тууралуу өкмөттүн токтому жактырылып, ал 15-январда күчүнө кирген», — деп белгиледи Шакирова.

Анын айтымында, дары-дармек каражаттарынын 56 аталышына же 300дөн ашуун соода аталышына жөнгө салуу киргизилет.

Шакирова белгилегендей, айрым дарылардын баасына жөнгө салуу киргизүү тууралуу долбоордун чечими өкмөттүн кароосунда.

«Натыйжада дары жана медициналык буюмдардын баасын негизсиз кымбаттатуу фактыларын болтурбоону каалайбыз. Буга чейин бизде базар мамилеси колдонулган, анда бааны базардын конъюктурасына жараша сатуучу аныктаган. Пандемия шартында бул система туура эмес болуп чыкты. Ошол эле кезде пандемия жана дүйнө жүзүндө дары-дармектин жетишсиз шартында бааларды жөнгө салуу киргизүү терст эффектке да алып келип коюшу мүмкүн. Буга байланыштуу бул багыттагы аракеттердин бардыгы алдын ала изилдениши керек», — деди ал.

Мындан тышкары Шакирова Түркия Кыргызстанга программдык продукт берүүгө даяр экенин кошумчалады. (Дары-дармек препараттары менен медбуюмдарга карата инвентардык көзөмөл).

«Дагы эки баскыч калды: ДЛОнун ишмердигиндеги бардык бизнес процесстерин санариптештирүү жана дарылар менен медбуюмдарды көзөмөлдөө», — деди Шакирова.

Дары-дармектин тартыштыгы

Акыркы эки айдан бери соцтармактарда дары-дармектерди өз баасынан кымбат саткан алып сатарларга карата нааразылык жана билдирүүлөр күчөгөн.

«Сейчас KG» телеграм каналы 12-июлда «Неман» дарыканалар түйүнүнүн жанында «Гепарин» алууга келгендердин кезеги чогулганы тартылган видео чыгарган.

Финпол дарылардын баасын кымбаттаткан дарыканаларга рейд жүргүзө баштап, ири фармкомпаниялардын жетекчилерине карата бир нече сотко чейинки өндүрүш ачкан. Андан тышкары, «Клексан» жана «Гепарин» препараттарын кымбат баада саткан бир нече адам кармалган.

Мындан тышкары, ведомство фармкомпаниялардын кызыкчылыктарын сүрөө жана коррупция боюнча ишин колго алып, мурдагы саламаттык министри Космосбек Чолпонбаев менен экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы суракка алган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 15-июлга карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун жалпы саны 11 977ге жетти. Стационарларда 645 бейтап дарыланууда жатат. 3 660 бейтап айыгып чыкты. Пандемия башталган күндөн бери коронавирустан 160, ал эми пневмониядан 571 адам каза болду.