Ош шаардык соттун судьясы пневмониядан каза болду

Ош шаардык сотунун имараты

Эки тараптуу пневмонияга чалдыгып ооруканада жаткан Ош шаардык сотунун судьясы 15-июлда көз жумду. Бул боюнча «Клоопко» облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов маалымдады.

«Маркумдун аты-жөнүн ачыктай албайбыз. Анын үй-бүлөсүнө кедергиси тийип калбоо максатында айтпай жатабыз», — деди Осмонкулов.

Басма сөз катчы судьянын ооруга чалдыкканын 8-июлда кабарлаган.

Мындан сырткары Ош облустук сотунун бир судьясы, Ош шаардык сотунун эки судьясы жана алты кызматкери коронавируска чалдыгып дарыланып жатышат.

Мындан улам облустук жана шаардык соттун имараттарына жарандардын кирүүсүнө чектөөлөр коюлуп, ал эми соттук отурумга катышуучу тараптар кызматкерлердин текшерүүсү менен киргизиле баштаган. Бирок имарат карантинге жабылган эмес.

8-июлда Ош облустук жана шаардык сотторунун төрагалары Ош облустук санитардык-эпидемиологиялык станциянын башкы дарыгери Санталат Орозбаевага соттор ишмердүүлүгүн уланта алып-албоосу тууралуу корутунду берүүсүн суранышкан.

Осмонкуловдун айтымында, 15-июлдан тарта Ош шаардык сотунун имараты карантинге жабылып, андагы иштеген кызматкерлер үй карантинине чыгышты. COVID-19 аныкталган кызматкерлер жана алар менен карым-катнашта болгондор обочого алынган.

15-июлга карата Ош облусунда 699 киши коронавирус жуктуруп алган. Ал эми Ош шаарында COVID-19га чалдыккандардын саны 1112ге жетти.