Ошто пневмониядан облустук кан борборунун башчысы көз жумду

Осмонали Шамшидов

10-июлда Ош облусттук кан борборунун жетекчиси, жогорку даражадагы дарыгер Осмонали Шамшидов каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахманов «24.kg» басылмасына билдирди.

Өлкө боюнча март айынан тарта пневмонияга чалдыккан 571 бейтап каза болду. Бул көрсөткүч коронавирус пандемиясы Кыргызстанга жеткенден баштап кескин өсүүдө. Салыштырып көрсөк, өткөн жылдын биринчи жарым жыдыгында пневмониядан улам 318 адамдын өлүмү катталган.

Өлкөдө жалпысынан 1980 медкызматкер COVID-19ду жуктуруп – анын 580и оорудан айыгып чыкты. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына ылайык, коронавирус жуктуруп алты медкызматкер каза болду.

Ошол эле учурда пневмонияга чалдыгып кайтыш болгон медиктердин саны алда канча көп. Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов пневмонияны коронавирус шарттап жатканын моюндады. Бирок ошого карабастан коронавирус менен пневмониянын статистикасы ар башка жүргүзүлүүдө.

Депутат Дастан Бекешев өкмөт статистикаларды ар башка санап жатканын медкызматкерлерге төлөнчү компенсация менен байланыштырат.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет. Бирок азырынча оору жуктурган канча медикке компенсация төлөнүп берилгени белгисиз.