Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 11 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб 15-июлда кабарлады. Алар:

  • Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан — 1 (эркек, 63 жашта);
  • Бишкектеги № 1 Шаардык клиникалык ооруканасынан — 1 (эркек, 64 жашта);
  • Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан — 1 (аял, 72 жашта);
  • Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборунан — 1 (эркек, 64 жашта);
  • Чүй облусундагы Жайыл аймактык ооруканасынан — 2 (аялдар – 54, 61 жашта);
  • Баткен облустук ооруканасынан — 2 (эркек, 49 жашта, аял, 58 жашта);
  • Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасынан — 1 (аял, 55 жашта, медик);
  • Ысык-Көл облусундагы Тоң аймактык ооруканасынан — 2 (эркек, 58 жашта, аял, 36 жашта).

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп каза болгон бейтаптардын саны 160ка жетти. Ноокат аймактык ооруканасында каза болгон медкызматкер санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Айчүрөк Келдибекова — ал 55 жашта болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматына ылайык, өлкөдө коронавирус жуктурган алты медкызматкер көз жумду. Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктуруп, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет.

Ошондой эле өткөн суткада пневмонияга чалдыккан, бирок COVID-19 илдетти аныкталбаган 74 бейтап көз жумду — алардын 17си Бишкек шаарында катталды. Март айынан бери пневмониядан жалпы 571 адам каза болду.